Опера жана балет театрынын директору кызмат абалынан пайдаланган деп шектелүүдө
RU

Опера жана балет театрынын директору кызмат абалынан пайдаланган деп шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын директору кармалды. Бул туурасында бүгүн, 1-декабрда УКМКдан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, театрдын балансында турган мамлекеттик мүлк үчүн узак мөөнөттө ижара келишимдерин түзүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Анын негизинде 337-берене (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголду.

Бул факты боюнча опера жана балет театрынын директору И.А.М. (Алмазбек Истамбаев) кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул фактыга тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо жана мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча тиешелүү тергөө ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15067