Кыргызстан менен Тажикстан чек аранын 24,01 чакырымын макулдашты
RU

Кыргызстан менен Тажикстан чек аранын 24,01 чакырымын макулдашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

29-ноябрдан 5-декабрга чейин Тажикстандын Бустон шаарында топографиялык жумушчу топтордун жолугушуусу өттү.

Жолугушуунун жыйынтыгында топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик чек арасынын 24,01 чакырымын макулдашып, протоколго кол коюшту.

Чек аранын калган тилкелерин тактоо Кыргызстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда уланат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15078