Акылбек Жапаров: Билим берүүнүн бардык тепкичтери коррупцияга байланган!
RU

Акылбек Жапаров: Билим берүүнүн бардык тепкичтери коррупцияга байланган!

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров 4-декабрында "Билим берүү жөнүндө" жаңы мыйзамына арналган жолугушуу өткөрдү. Талкууга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, депутаттар, эксперттик жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдады.

Анда Акылбек Жапаров өлкөнүн келечеги жана балдардын жаркын келечегин куруу үчүн жана "Билим берүү жөнүндө" жаңы мыйзамды ишке ашыруу үчүн аракеттерди бириктирүүгө чакырды.

"Жакшы билим берүү – бул балдарыбыз үчүн жакшы жумуш жана татыктуу киреше, демек, өлкөбүздүн жана экономикабыздын өнүгүшү менен дүйнөдөгү өлкөбүздүн татыктуу ордун табууга мүмкүн экенин эскертпей эле коёюн.

Мындан болжолдуу бир жарым жыл мурун, башталгыч класстын мугалими кайра-кайра өтүлгөн онлайн сабактардан тажап, өзүнүн биринчи класстагы окуучуларына: "Эгерде мамлекет үчүн силердин билимиңердин мааниси жок болсо, а мен үчүн маанилүү" деп айтып, сабак бергенин айтышкан. Бул мени абдан кубандырды. Мен ал мугалимге жооп берип, өкмөт билим берүүгө кам көрөт деп ишендиргим келет", - деди ал.

"11-августта Кыргыз Республикасында "Билим берүү жөнүндө" жаңы мыйзам кабыл алынып, билим берүү тармагын реформалоонун бекем укуктук пайдубалы түптөлдү. Азыркы учурда билим берүүнүн бардык баскычтарында билимдин сапаты өлчөнбөгөндүктөн билим берүү тармагы эффективдүү эмес, ошондуктан биз дайыма өзүбүздү көзөмөлдөп турушубуз керек.

Кыргызстанда балдарды мектепке чейинки билим берүү кызматтары менен камтуу өтө төмөн экенин тастыктоого аргасыз болдук. Мектеп деңгээлинде окуучулар функционалдык сабаттуулуктун төмөн деңгээлинде экенин көрдүк.

Кесиптик билим берүүнүн экономика менен байланышы аз, билим алгандардын жумушка жайгашуусу жана алардын киреше деңгээлине мониторинг жүргүзүлбөйт.

Билим берүүнүн бардык тепкичтери коррупцияга байланган. Мамлекеттен бөлүнгөн каржы натыйжасыз пайдаланылат", - деди ал.

Акылбек Жапаров өкмөт Жогорку Кеңеш, Президент менен биргелешип мектепке чейинки билим берүү тармагында көптөгөн иштер башталганына токтолду.

"Жазында өкмөттүк акселераторлорду ишке киргиздик, бала бакчаларды ачууда лицензиялоону алып салдык, турак жайларда үй тибиндеги бала бакчаларды ачууга шарттарды түздүк, имараттарды натыйжалуу пайдалануу үчүн санитардык нормаларды кайра карап чыктык. Келерки жылы биз бул тажрыйбаны өлкө боюнча жайылтабыз.

Мурунку өкмөттөр окуучулардын эл аралык PISA баалоосун өткөрүүдөн баш тартышкан, биз коркпойбуз жана PISAны 2025-жылы өткөрөбүз. Биз үчүн чыныгы абалыбызды билүү маанилүү.

Кыргызстан айыл менен шаардык билимдин ортосундагы теңсиздикти жоюуга тийиш. Ар бир бала, кайсы жерде жашабасын, алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарда болсо да сапаттуу мектепте билим алууга бирдей укуктуу. Башталгыч жана орто кесиптик билим берүүгө өзгөчө көңүл буруу зарыл. Дал ушул билим деңгээлинде эмгекчилер экономикага даярдалат. Биздин жаштар жумушка орношуу жана татыктуу эмгек акы алуу үчүн эң мыкты билим жана көндүмдөрдү алышы керек. Биз эң ийгиликтүү студенттерибиздин дүйнөнүн эң мыкты университеттеринде билим алышына колдоо көрсөтөбүз жана алардын өлкөгө кайтып келишине ишенебиз.

Заманбап экономика улуу курактагы адамдарды окутууну жана кайра окутууну дайыма талап кылат. Ошондуктан Министрлер Кабинети кошумча билим берүү уюмдарын лицензиялоодон бошотот.

Мен, "балдарыбыздын жаркын келечеги үчүн, өлкөбүздүн татыктуу келечегин куруу үчүн "Билим берүү жөнүндө" жаңы мыйзамды ишке ашыруу үчүн күч аракеттерди бириктирүүгө чакырам", - деп сөзүн жыйынтыктады министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15084