ИИМ: Баткен облусунда жарандардын коопсуздугу көзөмөлдөнүүдө
RU

ИИМ: Баткен облусунда жарандардын коопсуздугу көзөмөлдөнүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2021-жылдын 3-майына карата Баткен облусунун бардык райондорунда жана айылдарында, мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал туруктуу. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Чек арага чектеш аймактарда абал тынч, түнкүсүн ок атышуулар жана башка окуялар катталган жок. Чек арага жакын айылдардагы коопсуздукту милиция кызматкерлери ички аскерлер жана башка күч түзүмдөр биргеликте көзөмөлдөп жатышат. Милиция кызматкерлери коюлган блок посттордо, чек арага чектеш аймактарда коопсуздук чараларын күчөтүп, жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Министрдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков куралдуу кагылышуу болгон кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан айылдарды милициянын кайгуул топтору менен биргиликте кыдырып, жарандар менен жолугуп, коопсуздук маселелерин жеринде чечип, ар кандай укук бузууларга жол берөө керектигин түшүндүрүүдө.

Учурда ички иштер органдары Баткен облусунун аймагында коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо, мыйзамсыз аракеттерди болтурбоо максатында алдын алуу иштерин күн-түн жүргүзүп, күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда, деп билдирүүдө айтылган.

  • 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал курчуй баштаган.
  • 29-апрелде конфликт уланып, бир нече айылда өзгөчө кырдаал киргизилип, жергиликтүү калк эвакуацияланган.
  • Чукул кеңеш өткөргөндөн кийин президент Садыр Жапаров биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковду кыргыз-тажик көйгөйүн чечүү жумушчу тобунун төрагасы кылып дайындады.
  • Кыргызстан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрликтери 29-апрелде, саат 20:00дон тартып ок атышууну токтотуу боюнча макулдашышты.
  • Түнкү саат 00:00го карата жарадар болгон жарандардын саны 134 кишиге жетти.
  • 30-апрелде эртең менен кайрадан ок атышуунун добуштары угула баштады.
  • 30-апрелде, саат 16:00до сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында бардык айылдар бошотулат, деп Камчыбек Ташиев билдирди.
  • 18:20да жарадар болгондордун саны 154 адамга жетти. Анын ичинен 31 киши каза болду.
  • 19:00до Тажикстандын аскерлери Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткени белгилүү болду.
  • 3-апрелден 1-майга караган түн тынч өттү.
  • Кыргызстанда 1-2 май күндөрү аза күтүү күндөрү болуп жарыяланды.
  • Лейлек районунда кайрадан ок атыла баштады. Ворухка караган жол тажик аскерлери тарабынан жабылды. Арка айылында жергиликтүү калктын үйлөрүнө ок атылууда. Кыргызстандын 34 жараны каза болгону белгилүү болду, анын ичинен үчөө аскер кызматындагылар. Жарадар болгондордун саны 178 жаран.
  • 1-майда, кечки саат 18:00до эки өлкөнүн делегацияларынын жетекчилери аскер түзүмдөрүн туруктуу дислокациясына чыгарып, ок атууну токтотуу чечимин кабыл алганы белгилүү болду. Андан тышкары барымтага алынган 10 киши кое берилди, анын ичинде Интернационал айылынын башчысы дагы.
  • 1-майдан 2-майга карган түн тынч өттү.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1509