Бишкекте Адахан Мадумаровдун иши боюнча соттук отурум башталды. Жабык режимде
RU

Бишкекте Адахан Мадумаровдун иши боюнча соттук отурум башталды. Жабык режимде

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 8-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаровго козголгон ишти маңызы боюнча кароону баштады.

Сот жабык эшик артында өтүүдө. Бул иш боюнча судья болуп Мирбек Сатарбек уулу дайындалды.

Эске сала кетсек, Мадумаров 2-сентябрда камакка алынган. Ага 2009-жылдагы протоколго ылайык, КР Кылмыш-жаза кодексинин "Мамлекетке чыккынчылык" беренеси боюнча айып тагылган. Сот депутатты эки айга камакта калтырган болчу.

Кийин 2015-жылдагы парламенттик шайлоого байланыштуу депутаттын дарегине арыз жазылган. Ал "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын кассасынан 50 миң доллар алган деп айыпталууда. 26-октябрда Мадумаров ооруканага которулган. 3-ноябрда ал кайрадан СИЗОго которулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15103