Тууну өзгөртүүгө каршы чыккан активист 48 саатка камалды
RU

Тууну өзгөртүүгө каршы чыккан активист 48 саатка камалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

7-декабрь күнү мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршылык билдирген активист Афтандил Жоробековду милиция 48 cаатка камакка алды. Бул тууралуу "Азаттык" жазып чыкты.

Жарандык активист Афтандил Жоробековго Кылмыш-жаза кодексинин "массалык башаламандыктар" беренесинин 3-бөлүгү, "бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар" менен айып тагылды.

Маалым болгондой, Бишкек шаардык милициясы Жоробековго 6-декабрда Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган видеого байланыштуу иш козгогон.

7-декабрь кечиндеактивист өзүнүн баракчасына: "Мени кармап, телефонумду алып жатышат. Аягына чейин! Желек өзгөрбөйт!", - деген билдирүү жазган эле.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15106