"Мындай президентти көп күттүк". Акылбек Жапаров президентти колдоого чакырды
RU

"Мындай президентти көп күттүк". Акылбек Жапаров президентти колдоого чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акылбек Жапаров Өзгөндөгү мектептин ачылышында элди Садыр Жапаровду колдоого чакырды.

Ал президент элди ынтымакка чакырып жатканын айтып, ушундай мамлекет башчыны көп күттүк деп белгиледи.

"Президент элди ынтымакка, кечиримдүүлүккө чакырууда. Ушундай президентти канча күттүк, эми колдоп-коргоп калууга аракет кылалы. Мамлекетке кирген ар бир тыйын кайра эле элге жумшалат. Пенсия, жөлөк пул, айлыктарды жыл сайын көтөрсөк деген ойлорубуз бар", - деди ал.

Эске салсак, буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да президентти колдоого үндөгөн эле.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15109