COVID-19ду жугузуу боюнча Чүй облусу кызыл зонага кирди
RU

COVID-19ду жугузуу боюнча Чүй облусу кызыл зонага кирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

COVID-19ду жугузуу боюнча Чүй облусу кызыл зонага кирди. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда өткөн брифинг учурунда Вирустук инфыекцияларды көзөмөлдөө боюнча илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов билдирди.

Анын айтымында, 3-апрелден тартып Бишкек кызыл аймакка кирген, Чүй облусу сары болуп эсептелип келген, бирок коронавирус инфекциясын жугузгандардын саны кескин өскөндүгүнө байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлиги Чүй облусун да кызыл зона деп аныктады.

Жалпысынан, Нурматов берген маалыматыка ылайык, республика азырынча, Бишкек менен Чүй облусундагы жугузуу учурларынын эсебинен сары зонада болуп саналат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1510