Кезек боюнча даттануулардан кийин Алымкадыр Бейшеналиев балдардын ооруканасына барды
RU

Кезек боюнча даттануулардан кийин Алымкадыр Бейшеналиев балдардын ооруканасына барды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кезек боюнча даттануулардын көбөйүп жаткандыгына байланыштуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн, 10-декабрда Бишкек шаарындагы Балдар клиникалык тез жардам ооруканасына пландан тышкаркы иш сапары менен барып, медициналык жардамдын сапаты менен таанышты. Ал балдар, ата-энелер менен баарлашып, бөлүмдөрдү кыдырып чыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Мамановдун айтымында, ооруканага күнүнө 900дөй бейтап кайрылса, алардын 80%ы жолдомосу жок келишет. Акыркы суткада 378 бейтап соматикалык, 79 бейтап хирургиялык кабыл алууга, 156 бейтап ЛОРду6 кабылдоосуна, 269 бейтап реанимацияга кайрылган.

"Кайрылган балдардын көбүнө консультация берилип, амбулатордук дарыланууга чыгарылат. Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда дем алыш болгону үчүн кезек күткөндөр көбөйүп жатат, бирок эч ким медициналык кароосуз калган жок. Баарына текшерүүлөр жана консультациялар берилет", - дейт Акылбек Маманов.

Ал ошондой эле министрдин тапшырмасы менен курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоо менен ооруган балдарды кабыл алуу үчүн кошумча 30 керебет жайгаштырылып, соматикалык оорулууларды дарылаган педиатрлардын саны көбөйгөнүн, биринчи кезекте нөөмөттө турган тургундардын саны көбөйгөнүн белгиледи.

Иш сапардын жыйынтыгында министр өз ишин толук жоопкерчилик менен аткарып жаткан балдар ооруканасынын медицина кызматкерлерине ыраазычылык билдирди. Ал иш сапарынын негизги максаты калк жана медицина кызматкерлери менен байланышып, туура башкаруу чечимдерин кабыл алуу экенин баса белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15112