ЖМК: Мындан кийин Бишкекте чет тилде көрнөктөр илинбейт
RU

ЖМК: Мындан кийин Бишкекте чет тилде көрнөктөр илинбейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте мындан ары чет тилдердеги көрнөктөр болбойт. Мындай талап менен мэрия ишкерлерге кат жибергенин жергилктүү массалык маалымат каражаттары жазып жатат.

Анда ишкерлерге, базарлардын жана соода борборлорунун соодагерлерине борбор калаанын мэриясынан билдирүүлөр келе баштаганы, анда КР мамлекеттик тил мыйзамына ылайык, аты-жөнү, жарнак көрнөктөрү жана жазуулары мамлекеттик тилде жазылуусу керектиги айтылган.

Катта ишкерлерге мыйзам бузууларды жоюу үчүн 2023-жылдын 15-декабрына чейин убакыт берилгени жазылган.

Бул боюнча kaktus.kg редакциясы мэриянын маалымат кызматына байланышты. Алар тараган маалымат боюнча расмий билдирүүнү убадалашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15116