Отуздан ашык куткаруучулар издеп жүргөн 14 жашар өспүрүм алты саны аман табылды
RU

Отуздан ашык куткаруучулар издеп жүргөн 14 жашар өспүрүм алты саны аман табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сузак районунун Таштак айылынан жоголуп кеткен 14 жаштагы өспүрүм аман-эсен табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, аны 2-майда болжол менен 16:40та туугандары табышкан.

Белгилей кетсек, 1-майда анын жакындары ӨКМге кайрылып, өспүрүм бала үйдөн чыгып кеткен бойдон жок, джеп айтып беришкен. Анын уюлдук телефону каналдын жээгинен таап алышыптыр. Биринчи күнү издөө салганда бала табылган эмес.

Аны издөөгө 31 куткаруучу тартылган болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1512