Тергөө абагынын пенсиядагы кызматкери турак жай үчүн берилген имараттан чыгарылды
RU

Тергөө абагынын пенсиядагы кызматкери турак жай үчүн берилген имараттан чыгарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нарында СИЗОнун мурдагы кызматкери үй-бүлөсү менен турак жайсыз калганын айтып, акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага кайрылды. Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, тергөө абагынын мурдагы кызматкери Жамиля Жаманбаевага жашоо шартын көрсөттү.

Мурдагы кызматкер үй-бүлөсү менен тергөө абагынан анча алыс эмес жерде, ведомствонун эски имаратында жашайт экен.

Кайрылган адамдын айтымында, имарат донорлордун каражатынын эсебинен оңдолууга тийиш.

"Бизди бул жактан көчүрүп жатышат жана бара турган жерибиз жок. Жаңы имаратта дагы бизге орун жок. Өмүрүмдү ушул кызматка арнадым. Бизге бул бөлмөнү турак-жай катары беришкен. Тергөө абагында көп жыл иштедим. Эми минтип пенсияга чыккандан кийин үй-бүлөм менен көчөдө калып жатам", - деп даттанды.

Акыйкатчы анын арызын изилдеп чыгарын убадалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15135