Ысык-Көлдө жүргүнчү ташыган кичи автобус менен жеңил унаа сүзүштү
RU

Ысык-Көлдө жүргүнчү ташыган кичи автобус менен жеңил унаа сүзүштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө жеңил унаа менен микроавтобустун катышуусунда жол кырсыгы катталып, 2 айдоочу каза болгон. Дагы 9 адам жабыркаган.

Ысык-Көл ОИИБи берген маалыматка ылайык, кырсык 17-декабрда саат 10:30 чамасында Каракол-Түп жолунда, Михайловка айылына бурулуш жерде катталган.

Алдын ала маалымат боюнча, Mazda Xedos унаасынын айдоочусу 27 жаштагы К.И. Каракол шаарына баратып, каршы тилкеге чыккан. Жол тайгак болгондуктан Mercedes-Benz Sprinter менен сүзүшкөн. Кичи автобусту 43 жаштагы Т. А. башкарып бара жаткан. Ал Каракол-Балыкчы маршруту боюнча каттамдын айдоочусу. Кырсыктын кесепетинен эки айдоочу тең каза тапты.

Ал эми Траснпорт министрлигинин маалымат кызматы №4 Жол тейлөө ишканасынын жумушчулары 16-декабрда автогрейдер менен жолду тазалап, инерттик материалдарды чачышканын, 17-декабрда да инерттик материалдар чачылганын кабарлады.

"Бул иштер жол тескөөчүлөрдүн көрсөтмөсү менен жасалган. Кырсык боюнча видеодо жолдо кар да жок, тайгак дагы эмес. Тергөө жүрүп жатат, 2 айдоочунун канынан анализ алынды, жыйынтыгы чыга элек", - дешет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15147