Кара-Суу базарындагы соодагерлерден акча талап кылган салыкчылар кармалды
RU

Кара-Суу базарындагы соодагерлерден акча талап кылган салыкчылар кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекеттик салык кызматкерлери Оштогу Кара-Суу базарындагы соодагерлерден акча талап кылган деп шектелүүдө. УКМК тараткан маалыматта салык инспекторлору ишкерлердин жана соодагерлердин патентин төлөөгө багытталган акча каражаттарын ыйгарып алуу боюнча туруктуу коррупциялык схеманы түзүшкөн.

15-декабрда ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Кара-Суу районунун базарларын көзөмөлдөгөн төрт салык инспектору Т.А., Э.А., У.Б. жана А.А. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Кара-Суу районунун базарларында чекене жана дүң соода менен алектенген ишкерлерден акча каражаттарын өндүрүү фактысы Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан штаттык эмес кызматкерлери аркылуу жасалып турган. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери ишкерлерди патент жана башка салык төлөмдөрүн төлөөгө көмөк көрсөтөбүз деп алдап, иш жүзүндө алардын каражаттарын өздөрүнө ыйгарып алып турушкан.

УКМК соода базарларын көзөмөлдөгөн кызматтардагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу иштерин улантууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15150