Тажикстан чек арасындагы конфликт боюнча депутаттар дүйнөлүк коомчулукка кайрылышат
RU

Тажикстан чек арасындагы конфликт боюнча депутаттар дүйнөлүк коомчулукка кайрылышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 3-майда Жогорку Кеңештин эл аралык, иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин мүчөлөрү кыргыз-тажик чек арасындагы конфликти талкуулап жатышат.

Комитеттин төрагасынын орун басары Абдывахап Нурбаев билдиргендей, күн тартибинде төмөнку маселелер:

  • Кыргыз-тажик чек арасында жана Баткен облусунун айрым айылдарындагы кырдаал боюнча эл аралык коомчулукка жана эл аралык уюмдарга кайрылуу;
  • 28-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы, Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорундагы куралдуу кагылышуу боюнча өкмөттүн маалыматы.

Депутат Каныбек Иманалиев жыйынды жабык эшик артында, прессанын катышуусуз өткөрүүнү сунуштады.

Кесиптештери анын демилгесин колдошту.

***

  • 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал курчуй баштаган.
  • 29-апрелде конфликт уланып, бир нече айылда өзгөчө кырдаал киргизилип, жергиликтүү калк эвакуацияланган.
  • Кыргызстан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрликтери 29-апрелде, саат 20:00дон тартып ок атышууну токтотуу боюнча макулдашышты.
  • 30-апрелде эртең менен кайрадан ок атышуунун добуштары угула баштады.
  • 30-апрелде, саат 16:00до сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында бардык айылдар бошотулат, деп Камчыбек Ташиев билдирди.
  • 30-апрелден 1-майга караган түн тынч өттү.
  • Кыргызстанда 1-2 май күндөрү аза күтүү күндөрү болуп жарыяланды.
  • Лейлек районунда кайрадан ок атыла баштады. Ворухка караган жол тажик аскерлери тарабынан жабылды. Арка айылында жергиликтүү калктын үйлөрүнө ок атылууда.
  • 1-майда, кечки саат 18:00до эки өлкөнүн делегацияларынын жетекчилери аскер түзүмдөрүн туруктуу дислокациясына чыгарып, ок атууну токтотуу чечимин кабыл алганы белгилүү болду. Андан тышкары, барымтага алынган 10 киши кое берилди, анын ичинде Интернационал айылынын башчысы дагы.
  • 1-майдан 2-майга карган түн тынч өттү.
  • КРдин өкмөтү Баткен облусуна өзгөчо статус берүү үчүн документтерди даярдап жатышат.
  • Ташиев Кыргызстан Тажикстандан келтирген материалдык кесепеттин ордун толтурууну талап кылбай тургандыгын билдирди.
  • Көз карандысыз юристтер Эл аралык кылмыш сотуна кайрылуу үчүн документтерди чогултуп жатышат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1516