Шакиев депутаттарды куттуктап: "Азыркы парламент да легенда болуп калышы мүмкүн" деди
RU

Шакиев депутаттарды куттуктап: "Азыркы парламент да легенда болуп калышы мүмкүн" деди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 20-декабрда Жогорку Кеңеште желектин элементтерин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору экинчи, үчүнчү окууда дароо колдоо тапты. Тууну өзгөртүүнү 59 депутат колдосо, 5 депутат (Дастан Бекешев, Сеид Атамбаев, Нуржигит Кадырбеков, Мирлан Самыйкожо, Медер Алиев) каршы добуш беришти.

Добуш берүүдөн кийин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев кесиптештерин куттуктап, туунун элементтерин өзгөртүү менен учурдагы парламент дагы легенда болуп калышы мүмкүн экенин айтты.

"Урматтуу, депутаттар, сиздерди мамлекеттик туунун оңдолушу менен куттуктайм! Бул эч кандай өзгөртүү эмес, бул - оңдоо. Мен ойлойм, легендарлуу парламент деп кайталай бергенден эч натыйжа жок.

Ар бир доордун, мезгилдин өзүнүн легендасы болот. Бүгүнкү чакырылыштагы парламент дагы ушул мамлекеттик тууну оңдогон парламент катары легендарлуу болуп калышы толук мүмкүн. Андыктан барыңыздарды куттуктайм!", - деди ал.

Спикер тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорунун авторлорунун бири. Мындан улам анын дерегине карата көп сын-пикир айтылган. Жогорку Кеңештин төрагасы мыйзам долбоордун колдоо тапканы сын айткандарга татыктуу жооп болду деп кошумчалады.

"Ар кандай ача пикирлер болду. Ачуу сөздөр да болду. Айрыкча менин дарегиме коомчулук тарабынан көптөгөн сын-пикирлер айтылды. Бирок мен анын баары мыйзам ченемдүү көрүнүш деп кабыл алам. Катуусу да болду, орунсузу да көп болду. Мен аны ачык айтып коюшум керек. Бирок мен эч кимисине жооп берген жокмун. Мен ойлойм, ушул (мыйзам долбоорунун колдоо табышы) татыкттуу жооп болду", - дейт Шакиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15170