Чек арадагы жардыруулардын айынан беш жашар бала каза болду
RU

Чек арадагы жардыруулардын айынан беш жашар бала каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чек арадагы конфликт учурунда Арка айылынын беш жаштагы тургуну Абидин Турсунбаев каза болгон. Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги тастыктады.

Социалдык тармактын колдонуучусу Барчын Аманова мындай деп жазган: 29-апрель күнү Арка айылынын жашоочулары жардыруулардын үнүн угуп, тоону көздөй качышкан. Бир келин да эки баласын алып качкан. Көпчүлүк Фергана каналынын жээгине жеткенде дагы бир жардыруу болуп, Абидин сууга түшүп кетет. Баланын сөөгүн жергиликтүу тургундар алып чыгышкан.

Аманованын айтымында, 1-июлда ал 5 жашка чыкмак.

Саламаттыкты сактоо министрлиги бул маалыматты тастыктап, өлүмүнүн себеби сууга чөгүү катары катталганын билдиришти.

Сүрөттөр Барчын Аманованын уруксаты менен баракчасынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1518