Топографиялык топ кыргыз-тажик чек арасынын 11,88 чакырымы боюнча макулдашты
RU

Топографиялык топ кыргыз-тажик чек арасынын 11,88 чакырымы боюнча макулдашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Жумушчу топтордун жолугшуусу коңшу өлкөнүн Бустон шаарында 17-декабрынан 23-декабрына чейин болду.

Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 11,88 чакырымы боюнча макулдашты.

Тараптар Кыргызстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды сыпаттоо боюнча ишти улантат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15192