Быйылкы жылдын мыкты студенттерине президент стипендия тапшырды
RU

Быйылкы жылдын мыкты студенттерине президент стипендия тапшырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров бүгүн, 23-декабрда өлкөнүн жогорку окуу жайларынын мыкты студенттерине президенттик стипендия тапшырды.

Быйыл Кыргызстандын бардык университеттеринен 75 студент президенттик стипендияга ээ болду.

"Окуудагы албан-албан жетишкендиктериңер үчүн президенттик стипендияга ээ болушуңар менен чын дилимден куттуктаймын!

Өлкөдө билим-илим, маданият, спорт жаатында мекенибиздин желегин желбиретип, дүйнө жүзүнө тааныткан улан-кыздарыбыз арбын. Ошону менен бирге, биздин жаш муундун өкүлдөрү ар түрдүү долбоорлорго катышып, ийгиликтерди жаратып, учурдун бардык чакырыктарына жооп берүүгө далалат кылып жатышкандыктарын белгилөө өзгөчө жагымдуу", - деп куттуктады өлкө башчы.

Садыр Жапаров өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошууга кол сунган жигердүү жаштарга мамлекет ар дайым ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин кошумчалады.

"Жаштардын андан ары өнүгүүсүнө шарт түзүп берүү – мамлекеттин бирден-бир милдети. Ошол себептен таланттуу жаш муун өкүлдөрүнө чет өлкөдө билим алууга колдоо көрсөтүү жана дем берүү максатында жаңы муундун адистерин даярдоо боюнча "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын уюштурдук. 

"Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын өткөн жылкы окуу жылында 9 кыргызстандыкка берилсе, быйыл 17 жигердүү жаштарыбыз алды.

Жалындаган жаштык жигер, курч мүнөз, таза жүрөк, өжөр эмгек аркылуу өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн жаңы идеялар, жакшы демилгелер менен турмуш агымын жиреп кете бериңиздер! Кыргызстан эли силердин ар бириңерге чоң үмүт артып турат", - дейт президент.

Белгилесек, былтыр президенттин стипендиясына 80 студент татыган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15193