Вице-премьер: Мадумаров менен чогу жүрүп жанында болуп берейин
RU

Вице-премьер: Мадумаров менен чогу жүрүп жанында болуп берейин

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Вице-премьер-министр, Шайлоо боюнча республикалык штабдын жетекчиси Максат Мамытканов штабдын Ысык-Көл облусу боюнча көчмө жыйын учурунда президенттикке талапкер Адахан Мадумаров менен болгон кырдаалга байланыштуу комментарий берди.

Эске салсак, кечээ Мадумаров КТРКнын түз эфиринен анын Ысык-Көлдө жайгашкан штабынын мүчөлөрүнө белгисиз адамдардан коркутуулар болуп жатканын билдирген. БШК маселени карап чыгуу үчүн Генералдык прокуратурага жана ИИМге өткөрүп берген.

Вице-премьер министрдин айтымында, бул суроо облус жетекчисине берилген. "Алар мага, эч кандай бут тосуулар болгон жок. Ал өзү деле бул жерге келе элек. Биз ачык эле айтканбыз, Ысык-Көлгө келе турган болсоңор, алдын ала эскертип койгула. Тосуп алып, тиешелүү шарттардын бардыгын түзөбүз, дешиптир", - деп Мамытканов айтып берди.

БШК фактыларды текшерүү үчүн комиссия жөнөткөнүн белгиледи. Бардык талапкерлер үчун бирдей шарттар болууга тийиш, деп чиновник кошумчалады.

"Эгер кандайдыр бир коркутуулар орун алса, кайрылсын. Биз коопсуздукту камсыздайбыз, бизге келсин. Анан жөн эле, элдин алдына чыгып сүйлөгөн туура эмес. Мага кайрылсын, мен деле чогу келип берейин, жанында болуп берейин", - деп Мамытканов сөзүн жыйынтыктады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/151