Баткен, Согди облусунун башчылары жолугуп, чек арада кармалып турган унаалар кайтарылды
RU

Баткен, Согди облусунун башчылары жолугуп, чек арада кармалып турган унаалар кайтарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен жолукту. Бул туурасында президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Жолугушууга эки облустун чек арага чектеш район шаарларынын, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышып, 2023-жыл ичинде чек ара аймактарында биргелешип аткарылган иштердин жыйынтыктарын талкуулап, келерки жылга иш пландарды кабыл алышты.

Анда эки облустун чек арасында коомдук коопсуздукту сактоо, мыйзамсыз иш аракеттерге бөгөт коюу, чыр-чатактарга жол бербөө боюнча биргелешип иштөө макулдашылган.

"Баткен жана Согди облусунун жетекчилиги аймакта тынчтыкты орнотуу, жергиликтүү тургундардын коопсуздугун сактоо максатында байма-бай жолугушуп турууну макулдашып, анда чек ара аймактарында орун алган айрым окуяларды убагында жана жеринде чечип жатышат. Натыйжада чек ара аймактарында олуттуу окуялар катталган эмес. Коомдук коопсуздук күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө болду", - дешет өкүлчүлүктөн.

Жолугушууда УКМК Төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасына ылайык, буга чейин эки өлкөнүн аймагында кармалып турган автоунааларды кайтарып берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, тараптар унааларды алмашуу жөнүндө макулдашууга жетишишти.

Жыйынтыгында Тажик Республикасына Кыргызстандан 4, Кыргызстанга Тажикстандан 5 жүк ташуучу унаа өткөрүлүп берилди.

Унаалар өткөн жылы куралдуу жаңжал учурунда ар кандай себептер менен эки өлкөнүн аймагында калган. Техникалар чек ара айылдарынын тургундарына таандык болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15201