Окуучу петарданын жарылуусунан улам манжаларынан ажырады деген маалымат тарады
RU

Окуучу петарданын жарылуусунан улам манжаларынан ажырады деген маалымат тарады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

WhatsApp жана Telegram мессенджерлери аркылуу петарданын жарылуусунан манжаларынан жаракат алган бала тууралуу видео тарады. Видео менен кошо эскертүү тексти берилген. Анда төмөндөгүдөй айтылат.

"Урматтуу ата-энелер, бүгүн бир саат мурда мектептин кенже классынын окуучусу кырсыктады. Окуучу үйүнө баратканда петарданы күйгүзүүгө аракет кылган, бирок ал капысынан жарылып, бала сол колунун үч манжасынан ажыраган. Бала коркконунан кыймылдай да алган эмес. Жолдон өтүп бараткан киши аны үйүнө жеткирген. Баланын манжаларын таба алышкан жок. Тилекке каршы, кайгылуу окуялар бар. Балдарды көзөмөлдөгүлө!"

Саламаттыкты сактоо министрлиги интернет желесине тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбей турганын кабарлады.

"Кыргызстандыктар петарданын жарылуусунан манжаларынан жаракат алган бала тууралуу видеону активдүү бөлүшүп жатышат. Маалыматта петарда өспүрүмдүн колунда жарылып кеткени айтылууда. Айрым маалыматтарда бул окуя Кара-Балта шаарында болгон делет.

Республиканын саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилеринин маалыматы боюнча, петарданын жарылуусунан жабыркаган бейтап бир дагы медициналык уюмга келип түшкөн эмес. Тараган маалымат чындыкка дал келбейт", - дешти министрликтен.

Жогорудагы үрөй учурган окуя тууралуу Казакстан, Россияда да маалымат тарап жатканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15216