Министр: Окуучулар классты өздөрү тазалайт, укугу бузулду деп кыйкырып чыкпагыла
RU

Министр: Окуучулар классты өздөрү тазалайт, укугу бузулду деп кыйкырып чыкпагыла

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева мындан ары окуучулар класстык бөлмөлөрдү өздөрү жыйнай турганын билдирди. Бул туурасында министр "Кыргыз радиосунун" эфиринде айтты.

"Бишкектин мектептериндеги күзөтчүлөрдүн, техничкалардын маяналарын да оптималдаштырып баштадык. Урматтуу ата-энелер, Япониядагыдай, Совет учурундагыдай эле балдардагы өзүн-өзү тейлөө, бирөөнүн эмгегин баалоо жана турмуштук көндүмдөрдү калыптандыруу максатында башталгыч класстан баштап өзүнүн классын жыйноо системасы кирет. Төмөнкү класстан жогорку класска чейин.

Укугу бузулуп жатат деп кыйкырып чыга калбагыла. Бирөөнүн короосун же үйүн жыйнабайт. Өздөрүнүн эле классын жыйнайт. Бул жаатта башка өлкөлөрдөгү тажрыйбаларды карап, көрүп жатабыз", - деди министр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15227