47 ыкчам-тергөө тобу Баткен облусуна келтирилген зыянды эсептеп жатат
kaktus.kg

47 ыкчам-тергөө тобу Баткен облусуна келтирилген зыянды эсептеп жатат

81  0

2021-жылдын 4-майына карата Баткен облусунун бардык райондорунда жана айылдарында, мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал туруктуу. Бул тууралуу Ичики иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Чек арага чектеш аймактарда түнкүсүн ок атышуулар менен башка окуялар катталган жок. Чек арага жакын айылдардагы коопсуздукту милиция кызматкерлери ички аскерлер жана башка күч түзүмдөр менен биргеликте көзөмөлдөшүүдө.

Андан сырткары, Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда бардык өрттөнгөн коомдук жайлар, ишканалар, имараттар, айрыкча жергиликтүү тургундардын талкаланган үйлөрү, уурдалган буюм тайымдар эсептелип такталууда. Келтирилген бардык чыгымдарды эсептөө жана иликтөө иштерин сапаттуу жүргүзүү максатында учурда аталган райондордо 47 ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат. Айрыкча Максат, Кулунду, Интернационал, Арка-1, Арка-2, Жаштык айылдарындагы жана жалпы эле чек ара тилкелеринде жайгашкан айылдардагы ар бир келтирилген чыгымдар боюнча тергөө иштери кызуу жүрүүдө. Баткен облусундагы жабыркаган, талкаланган, уурдалган, зыян тарткан бардык фактыларды адилет, так, ыкчам жана мыйзам чегинде тергөө, аныктоо иштерин жүргүзүүнү министрдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков көзөмөлдөп жатат.

"Тергөө топторуна жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, энергетика министрлигинин, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү дагы кирген. Чек ара тилкелеринде милициянын атайын кайгуул топтору күнү- түнү күчөтүлгөн режимде казмат өтөп, жергиликтүү тургундардын коопсуздугун ыктыярдуу элдик кошуундун мүчөлөрү менен

биргеликте камсыздашууда",-деди Сүйүн Өмүрзаков.

Тема барбы? Kaktus.media'га жазыңыз: +996 (700) 62 07 60 (Бишкек) , +996 (558) 77 88 11 (Ош)
URL: https://kaktus.kg/1522Шилтемени көчүрүү
Комментарийлер
дефолтная аватарка юзера
Колдонуучулардын комментарийлери модератор текшергенден кийин гана сайтка чыгат.
Комментарий калтыруунун шарттары
Биздин сайтта болбойт:
  • бирөө жарымды кемсинтүү
  • анын ичинде комментаторлорду дагы
  • кимге болбосун коркутуп-опузалоого
  • анын ичинде "сүйлөшүү үчүн жолугушууга"
  • далили жок же күбөлөрдүн көрсөтмөсү жок компромат маалыматты жарыялоого
  • КРдин мыйзамына каршы чыккан комментарийлерди жарыялоого
  • транслит менен комментарий жарыялоого
  • баш тамга менен комментарий жазууга
  • башкалардын аброюна, улутуна, динине шек келтирүүчү комментарийлерди жазууга
  • бир жаңылыктын алдында ар башка ник менен комментарий калтырууга
  • Ник катары "Кактус", "kaktus", "kaktus.kg" дегеле интернет басылманын атынан айтылып жаткандыгын көрсөтүүчү ушул өңдүү сөз айкаштарды колдонууга
  • материалдын маанисине дал келбеген комментарийлерди калтырууга
  • ник катары башка реалдуу адамдын аты-жөнүн колдонууга
  • башка сайттардын шитемелерин жана гиппершилтемелерин көрсөтүүгө Комментарийлер (анын ичинде никтер дагы) үч тилдин биринде гана жазылышы мүмкүн: мамлекеттик (кыргыз), расмий (орус) же эл аралык (англис).
  • Жогоруда аталган тилдерди бир комментарийде бир эле учурда колдонууга уруксат берилет.
ӨЙДӨ  
АРТКА