Баткен облусу өзгөчө макамга ээ болуп салык жеңилдиктери каралат
RU

Баткен облусу өзгөчө макамга ээ болуп салык жеңилдиктери каралат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Баткен облусуна өзгөчө статус берүү иретинде документ даярдады. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Көк-Таш (Төрт Көчө) айылынын тургундары менен жолугушууда билдирди. Мындай маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы таратты.

"Тийиштүү чечимге мен тарабынан кол коюлуп, парламенттин кароосуна жөнөтүлдү. Ал кабыл алынган соң, Баткен облусу өзгөчө макамга ээ болот, анда салык жеңилдиктери да каралат", - деди Премьер-министр.

Өкмөт башчы ошондой эле турак-жайлары талкаланган, же өрттөнгөн тургундардын бардыгына жаңы үйлөр курулаарын билдирди.

"Кеп Баткен районундагы – 30, ошондой эле Лейлек районундагы 70 турак-жай тууралуу жүрүүдө. Учурда комиссия эсептөөлөрдү жүргүзүүдө, ал ишин жыйынтыктаары менен курулуш иштери башталат. Биз суук түшкүчө бардык иштерди аякташыбыз керек",- деп белгиледи Улукбек Марипов.

Өкмөт башчы кошумчалагандай, учурда мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштери улантылууда, деп билдирүүдө жазылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1523