Баткенде сапёрлор тобу жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу ишин алып барууда
RU

Баткенде сапёрлор тобу жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу ишин алып барууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү 2021-жылдын 4-майында саат 09.30га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде абал туруктуу деп мүнөздөлөөрүн маалымдайт.

Өткөн түнү чыр-чатактар жана ок атышуулар катталган жок.

Баткен облусунун Баткен районунун Актатыр айыл башкармалыгынын Орто-Боз жергесинде 2021-жылдын 3-майынан баштап Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин саперлор тобу буга чейин жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу ишин алып барууда.

Ошол себептүү кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесине канатташ жашаган Баткен облусунун тургундарынан жарылуунун үнүн укканда дүрбөлөңгө түшпөңүздөр деп өтүнөбүз, деп ИИМ жиберген билдирүүдо жазылган.

Чек ара кезметтери бардык кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгын бойлой күзөт жүргүзүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1524