Конфликттен кийин Кыргызстан менен Тажикстандын зыян тартуусу бир сүрөттө
RU

Конфликттен кийин Кыргызстан менен Тажикстандын зыян тартуусу бир сүрөттө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан менен тажикстандын чек арасындагы конфликт аскерий кагылышууга айланып, ортодон жарандар каза болуп, айылдар талкаланды. Kaktus.media расмий маалыматтык ресурстардан 3-майга карата эки тараптын жоготуулары боюнча маалыматты чогултту.

"Ховар" мамлекеттик агенттик өзгөчө кырдаалдар комитетине шилтеме жасап, 14 турак жай талкаланып, жарым-жартылай бир мектеп жана кошумча курулуш жабыркаганын маалымдады.

Канча адам жарадар болгондугу тууралуу Тажикстандын расмий сайттары эч кандай маалымат беришкен жок. "Азаттык радиосунун" тажик кызматы берген маалыматка ылайык, 16 адам каза болгон. Анын ичинен сегизи офицерлер жана чек ара кызматкерлери. Калган сегиз жаран жергиликтүү тургундар, 26-жаштан 51-жашка чейинки эркектер. Тажик бийлиги жарадар болгондор жана каза болгон боюнча расмий маалымат бере элек.

***

Чек арадагы жанжалдын айынан Кыргызстанда 36 адам каза болду. Алардын ичинен үчөө чек ара кызматкерлери, калгандары жергиликтүү тургундар, алардын ичинде 12 жашар кыз жана беш жаштагы уул ба. 149 адам жарадар болгон. Алдын ала берлиген маалыматка ылайык, 107 үй, 35 объект, алардын ичинен мектептер, ооруканалар, май куюучу жайлар жана дүкөндөр талкаланган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1525