Ошто Матраимовдорго таандык үйдүн тосмосун бузуп жатышат. Видео
RU

Ошто Матраимовдорго таандык үйдүн тосмосун бузуп жатышат. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык турак үйдүн тосмосун бузуу иштери жүрүп жатат. Бул туурасында Kaktus.media сайтына окурмандар билдиришти.

Алардын айтымында, бүгүн, 8-январда Ош шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы үйдүн тосмосун бузуп баштаган.

Үйдүн чыныгы кожоюну Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов же анын бир туугандары - Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов же Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимов экени белгисиз.

Ош шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Канышай Имарова менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15274