"УСТА" базарындагы мыйзамсыз акча каражаттарын чогултуу боюнча фактылар аныкталды
RU

"УСТА" базарындагы мыйзамсыз акча каражаттарын чогултуу боюнча фактылар аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан "УСТА" базарындагы мыйзамсыз акча каражаттарын чогултуу боюнча фактылар аныкталды.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында ар бир ижарачыдан ай сайын мыйзамсыз түрдө 5 миң сомдон 50 миң сомго чейин акча каражатын чогултуп жүргөн базардын коммерциялык директору кармалды.

Ыкчам иликтөө иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча 2024-жылдын 7-январында "УСТА Билдинг" ЖЧКсынын коммерциялык директору М.М.М. кармалды жана Бишкек шаарынын ШИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул фактыга тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15277