MBANK колдонуучуларынын эсептеринде акчалар туура эмес көрсөтүлүп жатат
RU

MBANK колдонуучуларынын эсептеринде акчалар туура эмес көрсөтүлүп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

MBANK мобилдик банкынын колдонуучулары жеке эсептеринен акча жоголуп жатканын айтышууда. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына банктын кардарлары билдиришти.

13-январга караган түнү жеке эсептерден акчалар жоголо баштаган. Суммалар миң сомдон 100 миң сомго чейин. Социалдык тармактардын колдонуучулары да ушундай эле көйгөйдү массалык түрдө билдиришүүдө.

MBANK өзү техникалык жагдай пайда болгонун билдирди: колдонуучунун эсебинин калдыктары туура эмес көрсөтүлгөн.

"Учурда банктын техникалык өнөктөшү тарабынан түзүлгөн кырдаалдан улам эсептин калдыктары туура эмес чагылдырылып жатат. Биздин адистер кырдаалды мүмкүн болушунча тезирээк жөнгө салуу үчүн бардык күч-аракетин жумшоодо.

Жакынкы аралыкта эсептеги акчалар баштапкы абалына келтирилет", - деп билдиришти банктан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15310