Жалал-Абадда ишкерди буюртма менен өлтүрүү аракетине бөгөт коюлду
RU

Жалал-Абадда ишкерди буюртма менен өлтүрүү аракетине бөгөт коюлду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунда каракчылык жана адам өлтүрүү аракетине бөгөт коюлду. ИИМден кабарлашкандай, Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери киши өлтүрүү буюртмасы тууралуу алдын ала маалымат алышкан.

Такталгандай, Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына январь айында Жалал-Абад облусунда ишкердик менен алектенген жергиликтүү тургунду буюртма менен өлтүрүү пландалып жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Уюштуруучу кылмышка даярдануу максатында өзүнүн тааныштарынын, анын ичинде мурда соттолгондорду кылмышка шерик катары издеп, аларга ири өлчөмдөгү акчалай сыйлык берүүнү убада кылган. Ал акча жана алтын буюмдар сакталган жерлерди көрсөтүп, үйгө кирүү учурунда кандай аракеттерди көрүү керектигин түшүндүрүп берерин ишендирген.

Жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Кылмыш иликтөө кызматкерлери каракчылык боло турган үйгө жакын жерде кылмышка шектүүнү кармоону уюштурушкан. Кол салуу 13-январда болуп, каракчылык жасап жаткан жеринен Ш.В. жана К.Р. аттуу жарандар кармалды. Алардын бири кылмыштын уюштуруучусу, мурда соттолгон Жалал-Абад облусунун 1964-жылы туулган тургуну К.Р. экени такталды.

Топтолгон материалдардын негизинде "Киши өлтүрүүгө даярдануу" боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15311