Имамидин Ташовдун иши боюнча президент пикирин айтты
RU

Имамидин Ташовдун иши боюнча президент пикирин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан бийликти күч менен басып алууга аракет деген менен издөөгө алынган ишкер Имамидин Ташовдун иши боюнча комментарий берди. Ал "Кабар" агенттигине берген маегинде ККМге каршы чыккан соодагерлердин артында Ташов, Куренов жана башка топтор бар экенин билдирди.

Журналист "Дордойдогу" соодагерлер ККМге каршы чыкканда президент жерине барып аларды үчүнчү күчтөр пайдаланып жатат дегендей маалымат айтканын, ошондо сөз Ташов, Куренов тууралуу болгон беле деп кызыкты.

"Ооба, туура баамдап жатасыз. Булар экөө эле эмес, артында башка топтор да бар. Бирок аларды эл ээрчибейт. Артында масса жок. Ал топтор булардын артына жашынып алып, шыкактап олтурушат. Булардын баары бийлик эңсеген же мурда "чоң акырдан жем жеп" жүрүп, биз келгенден кийин жей албай калган шылуундар. Тагыраагы, мурда казынадан уурдап байып жүргөндөр же миллиарддаган салыктарды жашырып, чөнтөктөрүн кампайтып келгендер.

Мен "Дордойго" барганда ушулар жөнүндө айттым эле. ККМге каршы чыккандар "арабызда андайлар жок" деп кыйкырып чыгышкан. ККМге каршыбыз деп чыккан элдин ою таза. Эптеп өз көйгөйүбүздү айтып, чечип алалы деп ак ниеттери менен чыгышкан. Арасында мындай арам ойлуулардын бар экенин алар кайдан билсин. "Биз да ККМге каршыбыз, баланча базарда иштейм, түкүнчө базарда иштейм" деп алардын арасына кирип алып, лидер боло калышып, максималдуу түрдө чогулгула дешип, эптеп эл массасын чогултуу, анан баш аламандык уюштуруп, элдин арасынан беш, алтоону аркасынан атып же жардыруучу зат колдонуп, бир нече киши өлүп кетсе, анан "мына бийлик атты, бийлик өлтүрдү" деп кыйкырып чыгабыз, ошону менен жалпы эл көтөрүлүп кетет деген пландары да бар.

Булардын арам ойлору укмуш экен. Бирок биз алардын мындай арам максаттарына жол бербейбиз. Биз да уктап олтурган жокпуз да. Көпчүлүк эл бизге мамлекеттин жана өз тагдырын ишенип бергенден кийин, караламан калктын ишеничин акташыбыз керек", - дейт президент.

Эскерте кетсек, былтыр 29-ноябрь айынын аягында, декабрь айынын башында өлкөнүн базрларындагы ишкерлер кассалык аппараттарды колдонуу жана патенттен башка салык режимине өтүү зарылдыгына нааразы болуп митингге чыгышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15320