УКМК Ташов менен Куреновдун активдүү өнөктөшү делген адамдарды кармады
RU

УКМК Ташов менен Куреновдун активдүү өнөктөшү делген адамдарды кармады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ишкер Имамидин Ташов менен Тилекмат Куренов жана башка бир катар адамдар бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп шектелип, аларга УКМК тарабынан издөө жарыяланган. Коопсуздук комитеттен кабарлашкандай, козголгон кылмыш ишинин алкагында Ташов менен Куреновдун активдүү өнөктөштөрү кармалды.

УКМКнын билдирүүсүнө ылайык, жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында өлкөнүн ар кайсы аймактарынан И.Ташовдун жана Т.Куреновдун тарапташтары жана активдүү өнөктөштөрү деген ондогон адам аныкталып, көрсөтмө беришти.

Анда Ташов башаламандыкка даярдык көрүү, уюштуруу иштерин каржылаганы боюнча маалымат алынды. Айрым негизги фигуранттар кармалып, алардын кылмыштуу пландарга катыштыгы бар экендиги тууралуу ырастоочу маалыматтар алынган.

Коопсуздук комитеттин маалыматы боюнча, М.А.И. аттуу жаран Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча координатордун милдетин аткарып, ар кандай негиздер боюнча (кандайдыр бир социалдык-экономикалык чыңалуу, ККМ, ЭТТН көйгөйлөрү ж.б.) массалык нааразычылык акцияларын өткөрүү үчүн адамдарды чогултуп, уюштурушу керек болгон. Ошондой эле элди Бишкекке ташуу, аларга акча таратууну уюштуруу милдети жүктөлгөн.

Мындан тышкары Талас облусунан К.А.К. аттуу жаран алып келинген. Анын негизги милдети АКШдагы адамдардан акча которууну уюштуруу болгон. Мындан тышкары И.Ташовдон анын атына ири өлчөмдөгү акча каражаттары которулгандыгы боюнча бир нече фактылар аныкталган.

И.Ташовдун жашаган жеринде жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында ири акча каражаттары, кымбат баалуу унаалар жана башка материалдык баалуулуктар табылды. Учурда бардык жагдайларды аныктоо жана төңкөрүштү уюштурууга тиешеси бар башка адамдарды кармоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15295