Транспорт департаментинин директору соттун чечиминен кийин кызматынан алынды
RU

Транспорт департаментинин директору соттун чечиминен кийин кызматынан алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Улан Уезбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул туурасында борбор калаа башкармалыгынан маалымдашты.

Белгилүү болгондой, 16-январда Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору У.Уезбаевге карата Бишкек шаардык сотунун чечиминин көчүрмөсү келип түшкөн.

Буга байланыштуу мэр Айбек Жунушалиев Уезбаевдин берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу буйрукка кол койду.

Бишкек шаарынын мэриясы Улан Уезбаев жогоруда айтылган департаменттин директору болуп 2023-жылдын ноябрында дайындалган.

Дайындоо учурунда Биринчи Май райондук соту тарабынан Улан Уезбаев жеке айыптоо кылмыш иши боюнча күнөөлүү эмес деп табылганын мэриядан билдиришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15332