Штефан Таркович Сауд Арабиясы менен болчу беттеш тууралу: Жеңебиз деп айта албайм
RU

Штефан Таркович Сауд Арабиясы менен болчу беттеш тууралу: Жеңебиз деп айта албайм

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Футбол боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович бүгүн, 21-январда Сауд Арабиясы менен боло турчу беттеш жөнүндө комментарий берди.

Ал арабдар менен татаал оюн күтүп турганын айтып, Таиланд менен болгон беттештеги каталардан сабак алышыбыз керек деп кошумчалады.

Такрович Алимардон Шүкүров калыбына келе элек деп, Сауд Арабиясына каршы оюнда командага жардам берүүгө даяр эмес экенин белгиледи.

"Биз күчтүү команда менен беттешкени турабыз. Эгерде Сауд Арабиясы өз убагында аргентиналыктарды жеңе алса, менимче биз дагы Сауд Аравиясын жеңүүгө аракет кыла алабыз. Биз үмүтүбүздү үзгөн жокпуз, күрөшүүгө даярбыз, аны оюн талаасында далилдешибиз керек.

Жеңебиз деп айта албайм. Оңой оюн болбойт! Бирок футболдо бардык нерселер болот. Менин оюмча, бардык оюнчулар, машыктыруучулар штабы жана кыргыз футболунун күйөрмандары буга ишениши керек. Турнирде көптөгөн командалар аны далилдешти. Эртең ийгилик жылмайышы мүмкүн", - деди ал.

17-январда Кыргызстандын футболчулары Азия Кубогунун тайпалык баскычынын биринчи Таиланд менен болгон беттеште утулуп калган. 21-январда улуттук курама Сауд Арабиясы менен кез келет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15352