"Даймонд сити" турак жай комплексинин жашоочулары президенттен жардам сурашат. Видео
RU

"Даймонд сити" турак жай комплексинин жашоочулары президенттен жардам сурашат. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Элебаев жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Даймонд сити" турак жай комплексинин тургундары президент Садыр Жапаровго кайрадан кайрылышты. Алар турак жайдын мурдагы негиздөөчүлөрү жана соттор тарабынан укуктары бузулуп жатканын айтышат.

Көйгөйдүн башы

Эске салсак, "Даймонд сити" турак жай комплекси боюнча соттук териштирүүлөр көп жылдардан бери уланып келет. Комплекстин жашоочулары 2017-2018-жылдары батирлерин Мамлекеттик каттоодон турак жайга укук белгилөөчү бардык документтерди алып, "B.LS" ЖЧК курулуш компаниясынан сатып алышкан. Андан кийин курулуш компаниянын эки кожоюну – Кытайдын жараны Гао Жин Вэй менен Кыргызстандын жараны Рустам Воинов мүлктүк мамилелерди сот аркылуу териштире башташат. 2018-жылы УКМК Рустам Воиновду жана ЖКнын мурдагы депутаты Рустам Мамановду кармаган. Экс-чиновниктин фирмасы Воинов тарабынан бүтүмгө юридикалык колдоо көрсөткөн.

Кытай жараны ошол кезде 286 батирлүү элиталык имаратты курганын айтып, кармалгандардын үстүнөн укук коргоо органдарына арыз менен кайрылып, алардан материалдык чыгымды төлөп берүүнү талап кылган. Ошондой эле ал батирлерге техникалык каттоо күбөлүгүн берүүнүн мыйзамдуулугун жокко чыгарууну сотто талап кыла баштаган. Гао Жин Вэйдин өкүлү көптөгөн батирлер мыйзамсыз сатылган деп билдирген. Соттук териштирүүлөрдөн улам турак жай камакка алынып, бүгүнкү күнгө чейин камактан чыга элек. Мындан улам жашоочулар талаштуу окуянын туткуну болуп калышты.

Мыйзам бузуулар

Батирдин тургундарынын жактоочусу Гүлнара Амираеванын айтымында, соттор мыйзамды одоно бузуп жатышат, анткени чечим негизсиз чыгарылып, соода-сатык операцияларын таануу шарттары да негизсиз калыбына келтирилип жатат.

Адвокат соттун чечими аркылуу мурдагы уюштуруучунун катышуусу менен үйдү пайдаланууга уруксат берүү актысы жокко чыгарылганын айтты.

"Иш жүзүндө эксплуатацияга берүүнү жокко чыгаруу - нонсенс! Бул даяр болгон үйдү пайдаланууга жана аны ар бир жаран сатып алганга укук берген маанилүү документтердин бири. Бул жерде эң негизги документ соттун чечими менен жокко чыгарылып жатат", - деп баса белгилеп, соттун чечими мыйзамсыз экенин айтат.

Менчик ээлеринин укуктары Свердлов райондук, Бишкек шаардык жана Жогорку Соттор тарабынан камсыздалган.

Амираеванын айтымында, кылмыш ишинде турак жай комплексине карата алдамчылык аракеттерди далилдеген чечим жок болгондуктан, судьялар тургундарга каршы доо арызды кароого укугу жок болчу. Адвокат бул процессуалдык эрежелерди бузуу болуп саналат дейт.

"Учурда Биринчи Май райондук сотунда коррупция жана алдамчылык беренелери боюнча айыпталган Р.Маманов, М.Анарбаев жана башкаларга карата кылмыш иши каралууда. Бирок негиздөөчүлөрдүн бири - жабырлануучу катары таанылган Гао Жин Вэй сатуу/сатып алуу келишимдерин жараксыз деп таап, мүлкүн кайтарып берүү боюнча дагы бир доо арыз менен кайрылып жатат, бул менин адвокат катары кыжырымды келтирүүдө. Кылмыш иши бүтө элек, канчага созулары белгисиз, негизги адамдар күнөөлүү деп табыла элек, өкүм, токтом жок. Соттор жарандык дооматтарды кантип кабыл алышат? Бир кылмыш иши бүткүчө башка ишти токтотуп турушу керек болчу. Бул кыжырды келтирет", - дейт жактоочу.

Жашоочулар кылмыш иши атайылап создуктурулуп жатат деп болжошууда. Болбосо Биринчи Май райондук сотунда каралып жаткан ишти биринчи инстанциясы беш жылга созулду, ал арада тургундарды жеке менчик укугунан ажыратуу боюнча жарандык иш Жогорку Сотто бир жыл ичинде эле каралып калды дешет алар.

Турак жайдын жашоочулары батирлери үчүнчү жактарга кайра сатылып кетиши мүмкүн деп кооптонушат.

"Соттор көптөгөн менчик ээлерине каршы чечим чыгарарда каякты карап жатышат? Мунун баары сот аркылуу рейдерлик басып алуу сыяктуу көрүнүп жатат", - дешти "Даймонд ситинин" тургундары.

Тургундардын президентке кайрылуусу

"Даймонд сити" комплексинин жашоочулары бир нече жылдан бери чатырсыз калуудан коркуп жашап келишет. Алар өздөрүнүн укуктарын коргоо өтүнүчү менен бир нече жолу бийликке, анын ичинде Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбековго да кайрылышкан, бирок алардын үнү жеткен эмес.

Бир ай мурда алар азыркы мамлекет башчы Садыр Жапаровго, ошондой эле УКМКга, Башкы прокуратурага, Коопсуздук кеңешине жана Жогорку Сотко кат жазышкан, бирок эч кандай жооп алышкан эмес. Жарандар алар жазган каттар тиешелүү жактарга жетпей калган болушу мүмкүн дешет.

"Даймонд ситинин" тургундары акыркы үмүтү президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев экенин белгилешип, карапайым жарандардын көйгөйүнө көңүл буруп, жардам берүүнү суранышууда. Алар баары мыйзам чегинде болушун жана адилеттүүлүктү талап кылышат.

Көп кабаттуу үйдүн тургундарынын айтымында, кытай жараны батирлер алдамчылык жолу менен өтө арзан баада сатылганын, 200дөн ашык батир ээлери соттолуучу Мамановдун кишилери деп айып койгон. Бул акылга сыйбаган нерсе дешет алар. Айтымдарында, ошол учурда батирдин баасы адекваттуу жана кыймылсыз мүлк рыногуна шайкеш келгенин, ал эми мүлк ээлеринин соттолуучу менен байланышы далилденбегенин баса белгилешет.

"2017-жылы батирлердин 1 чарчы метри 1000 доллар болгон эмес. Статистика жана рыноктогу реалдуу орточо баа кризис учурунда 400-800 долларды түзгөн. Кыймылсыз мүлк боюнча базар лидерлеринин батирлери 750-800 долларга сатылган. Ал үйлөр менен биздин үйлөрдүн сапатын салыштырып болбойт. Анткени биз арзан материалдан жасалган үйдө жашайбыз. Мындан улам жылуулук системасын, суу түтүктөрүн, терезелерди, кире бериш эшиктерин өзүбүз алмаштырганбыз", - дешет жашоочулар.

Батир ээлери бардык сатуу, сатып алуу операциялары мыйзамдуу болгонун айтышууда. Кагазга кол коюудан мурда жашоочулар юристтер менен кеңешип, "B.LS" курулуш компаниясынын документтерин текшеришкен. Бирок бир канча убакыттан кийин мунун баарын жокко чыгаруу аракети болот деп ойлошкон эмес.

Тургундардын бири Азамат Исмагамбетов турак жай сатып аларда эч кандай бүдөмүк суроолор болбогонун белгиледи.

"1,5 жылдан бери имараттын сыртына, интернетте бул турак үйдөн батирлер сатылат деген жарыя илинип турду. Соттук териштирүү жүрүп жатат деп эч ким нааразы болгон жок. Батир сатып албагыла деп кытай тараптын өкүлдөрү же юристтер бизге кайрылган жок. Соттук териштирүүлөр уланууда. Алты жыл болду, бүтпөй жатат, батирлерибиз камакта, ошондуктан президентибизге кайрылабыз, ал бизди угуп, акыбалыбызды түшүнөт деген ойдобуз. Баарыбыз көчөдө калып калышыбыз мүмкүн. Коррупционер чиновниктер менен соттор сатуу, сатып алуу чечимдери менен алектенет. Анткени чечимдер биринчисинде бир тараптын, андан кийин экинчи тараптын пайдасына кабыл алынып жатат. Биз карапайым тургундарбыз, адилеттүүлүк болушун каалайбыз. Биз абийирдүү сатып алуучуларбыз жана батирлерге салынган камакты алып салууну каалайбыз. Мүмкүн доогерлер эки эселенген пайда алгысы келип жаткандыр. Бирок ошол эле учурда алар бизди да сотко берип, мүлк боюнча чечимдерди, Мамкаттоодогу техникалык паспортторду жокко чыгарып, бизди турак жайсыз калтырганы жатышат", - деди ал.

Анын кошунасы Татьяна Учар инвесторлор, абийирсиз подрядчылар жана компания ээлеринин тиреши карапайым элди кыйнап жатканын айтат.

"Соттордун адилетсиз чечимдеринин туткунунда калдык, укуктарыбыз чектелди. Беш жылдан бери биз мүлкүбүзгө толук ээлик кыла албай жатабыз. Элестеткиле, беш жылдан бери биз батирди сата албайбыз же ижарага бере албайбыз. Эртең бирөө келип чемодандарыбыз менен чыгып кеткиле деп айтабы деп коркуу менен жашап калдык. Бул жерде Кыргызстандын карапайым тургундарын күнөөлүү кылгысы келип жатышат. Эгер бул аракет ишке ашып кетсе Кыргызстанга келген чет элдик инвестор мүлктүн баасына ыраазы болбой, бааны үч эсе жогору коюп алат деген прецедент болуп калат. Турак жайдын кожоюну "төлө, макул болбосоң кете бер" деп айтат. Мындай окуя бир жолу каттала турган болсо, биздин республикада бул нерсе көнүмүш болуп калбайбы? Ар бир адам Мамкаттоо биздин укугубуздун кепилдиги эмес экен, мүлкүбүздү тартып алат деген коркуу менен жашап калбайбы", - деп нааразы болду.

Дагы бир тургун Ирина Усова кытайлык инвесторлор "Даймонд сити" комплексинин дээрлик бардык тургундарын "B.LC" компаниясынын жетекчилигинин аффирленген адамдары деп айыптаганына нааразы. Тургундар муну батирлерди тартып алууга аракет кылуу деп кабылдап жатышат. Усова жашоочулар да Кытайдын өкүлдөрүн сотко берүүгө укугу бар деп эсептейт.

"Ар-намысымды жана кадыр-баркымды коргоп, жалаа жапканы үчүн аларды жоопко тартууга укугум бар деп эсептейм. Ал эми жалпысынан бардык тургундарды далилсиз айыптоо кылмыш болуп саналат. Эмне үчүн элдин баары ушул кырдаалдын курмандыгы болуп отурса да маселе чечилбей жатат? Президенттен жана УКМКнын жетекчисинен суранабыз, маселени чечип бериңиздер, анткени чыдамыбыз деле калбады, баарыбыз коркуп жашайбыз, эртең эмне болорун билбейбиз", - деди ал.

"Даймонд сити" комплексинде карыган ата-энеси барлар, балалуу үй-бүлөлөр жашайт. Алар заматта эле үйсүз калышы мүмкүн.

Закир Намазов – мурдагы аскер кызматкери, учурда пенсия курагында. Ал жаштыгынын баарын кызмат өтөөгө арнап, карыганда абийирсиз адамдардын курмандыгы болуп калганына капа болууда.

"Урматтуу, президент, биз сизге кайрылганбыз бирок жооп жок болууда. Биздин кайрылууга жооп берүүңүздү суранабыз. Мен пенсиядагы аскермин, жаштыгымды ата мекенди, Советтер Союзун коргоого арнадым. Мен татыктуу эмесминби? Бул жерде башка кары адамдар да жашайт. Ошондуктан бизге жардам берүүңүздү суранабыз. Өлкө башчынын олутту чечимин күтүүдөбүз. Бул жакта жашагандар уктабай калышты, качан көчөгө чыгарып жиберет деп кооптонушууда", - дейт пенсионер.

Көп кабаттуу үйдүн тургундары кылмыш иши козголуп, каралып жаткандан бери 4 сот алмашканын айтышат. Ошого карабай акыркы чечим чыга элек. Кылмыш иши боюнча териштирүүлөр создуктурулуп, ордунан жылбай калды. Соттук отурумдар улам эле кийинкиге калтырылууда.

"Бизди жөн эле мазактап жатышат, тергөө 1 жылга созулса, сот 5 жылдан бери биринчи инстациядан карап бүтө элек. Эгер бардык айыпталып жаткандардын күнөөсүн далилдеген фактылар болсо сот эмнеге чечим чыгарбай жатат? Эгер күнөөсү далилденбесе эмнеге актабай жатат? Бул жерде иштин токтоп калышына ким кызыктар? Сотторбу же айыпталып жаткандарбы? Мурдагы кожоюндар эки эсе пайда көрүп, биздин батирлерибизди да тартып алгысы келип жаткандай. Биз үйлөрдү кайсы бир бурчтан эмес, "B.LS" компаниясынан сатып алганбыз. Компанияны ошол учурда ким башкарып турганы биздин маселе эмес. Толук эсептешкенбиз, азыр болсо мурдагы кожоюндардын бири – кытайлык жаран биздин компания менен түзгөн келишимдерибизди жокко чыгаруу аракетин көрүп жатат. Бул жерде анын байланыштары, коррупция жана рейдерлик басып алуунун белгилери көрүнүп турат", - дешет тургундар.

"Даймонд сити" турак жай комплексинин демилгелүү тобунун кайрылуусу:

"Биздин батир боюнча көйгөйлөрүбүздү жеке көзөмөлүңүзгө алып, коррупция, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга байланышкан бардык алдамчылык аракеттерди текшерип, сот кимдики туура, кимдики туура эмсетиги боюнча адилеттүү чечим чыгарышы үчүн тиешелүү тапшырламаларды берүүңүздү суранабыз. Ошондой эле 200дөн ашык сатып алуу, сатуу бүтүмдөрүн жокко чыгаруу чечиминин мыйзамдуулугун текшерүү тапшырмасын берүүңүздү өтүнөбүз. Ошондой эле чоң өтүнүч - үйүбүздү пайдаланууга берүү маселесин чечүүгө жардам бериңиз. Жети жыл мурда үй пайдаланууга берилип, учурда Кыргыз Республикасынын тарыхында биринчи жолу соттун чечими менен ал акт жокко чыгарылды. Эгерде курулушчу менен подрядчынын ортосунда чечилбеген каржы маселеси болсо аларды жарандык жол менен чечип, бири-бирине талаптарды коюшсун. Бирок турак үйгө тийбесин. Адилеттүүлүктү талап кылабыз, бизди кууп чыгат деп коркпой, тынч жашоону каалайбыз", - деп айтылат президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге жолдонгон кайрылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15356