126 үлүшчү үйсүз, акчасыз калды. Алар президенттен дагы жардам сурап жатышат
RU

126 үлүшчү үйсүз, акчасыз калды. Алар президенттен дагы жардам сурап жатышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus редакциясына 2013-жылы Master Group курулуш компаниясы менен келишим түзгөн үлүшчүлөр кайрылды. Объект Байтик Баатыр көчөсү 60-64тө жайгашкан. Ал 2016-жылы ишке кириши керек болчу. Бирок белгисиз себептерден улам курулуш токтоп калган. Ал эми акчасын берген үлүшчүлөр үйдөн жок же акчасын кайтара албай жатышат.

Жалпысынан 126 үлүшчү жабыркаган. Айтымындарында, алар курулушка 13,5 миллион доллар салган. Буга чейин президент Садыр Жапаровго кат жазышып, андан соң мамлекет башчы аларды жеке кабыл алган. Бирок эч жыйынтык жок болбой, акыйкатка жетпей жаткан үлүшчүлөр кайра мамлекет башчысына кайрылууга аргасыз болуп жатышат.

Алгач Master Group компаниясы беш жер тилкесинин ээлери менен биргелешип долбоорлоо жана куруу келишимин түзгөн. Бирок бир канча убакыт өткөндөн кийин эки жер тилкенин ээси үлүшчүлөргө билдирбестен оюн өзгөртүп, келишимди өзгөртүшкөн.

Үлүшчүлөрдүн жактоочусу Елена Ткачева бул эки кожоюн жерди курулуш долбоору менен бирге кайтарып берүүнү каалап жатканын кошумчалады.

Көптөгөн үлүшчүлөр бул курулушка инвестиция салуу үчүн үйлөрүн сатып жиберишкенин айтат юрист. "Дээрлик бардыгы турак жайдын баасын толугу менен төлөп бүтүшкөн. Бирок эмнегедир каржылык көйгөйлөр башталды. Эмне көйгөйлөр экенин компаниянын өкүлү жана башкы директору Месут Арыджы бүгүнкү күнгө чейин ачык айтпай келет. Башкача айтканда, үлүшчүлөр салган акчанын баары белгисиз жакка кеткен. А биз бүгүнкү күндө эмнени көрүп жатабыз? Бул 8 кабаттуу каркас, астында эки кабат жер төлөө бар. Болду.

Жер ээлери үлүшчүлөр сыяктуу эле имарат курулуп бүткөндө батир алышы керек эле.

Жакшынакай эле кызматташтык деп ойлогонбуз. Бирок андан кийин жер тилкелеринин ээлери биргелешкен кызматташуу келишимин бузууну чечишкен. Ал эми жер тилкесинде курулуп жатып токтоп калган имарат жер тилкесинин ээсинин менчигине өтүп кеткен! Муну кантип түшүнсө болот?!" – деп жактоочу таң калды.

Эми катардагы үлүшчүлөрдө бир катар жаңы көйгөйлөр башталды.

"Эки жер тилкенин ээси Мамлекеттик каттоо кызматына бул имараттагы үлүшчүлөрдү үлүшкө катышуу келишимдерин каттоону жокко чыгарууну өтүнүп сотко кайрылышкан.

Елена Ткачеванын айтымында, үлүшчүлөр өз убагында төлөшкөн, аларда бардык керектүү дүмүрчөктөр бар. Алар мамлекеттик каттоодон өткөн. Бирок жер ээлери жөн эле каттоону жокко чыгаргылары келип жатышат.

"Мыйзамда бул каралган эмес", - деп жыйынтыктады жактоочу.

Мамлекеттик протекционизмби?

Аталган имараттан батир алгандардын бири Анара Мамытова: "Үлүшчүлөр президентке кайрылып, аны менен жеке жолугуп, мамлекет башчы бул маселени чечүүгө убада берген болчу", - дейт. Ал университетте сабак берет. Бул курулушка ал үй-бүлөсү менен 150 миң доллар инвестиция салган.

"Бүгүн болуп жаткан окуялар тууралуу айтсам, биз азыр мыйзамсыздыкка жана мамлекеттик протекционизмдин версиясына туш болуп жатабыз деп айтар элем. Мен бул тууралуу айтып жатканда, мен Нурлан Жапаровду айтып жатам - бул министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун иниси. Мына, ошол Нурлан Жапаровдун аялы үлүшчүлөрдүн каттоосун жокко чыгарып, курулушка толук ээлик кылайын деп жатат", - деди Анара Мамытова.

Үлүшчүлөр бул жагдайды көзөмөлгө алуусу үчүн президентке, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрадан кайрылып, жардам сурап жатышат.

Kaktus редакциясы экинчи тараптын версиясын угууга даяр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15367