Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Баткен облусуна келди
RU

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Баткен облусуна келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда, иш сапары менен Баткен облусуна келди. Бул тууралуу президенттк аппараттын малымат бөлүмү кабарлады.

Өлкө башчысы кыргыз-тажзик чек арасындагы куралдуу конфликттен жабыркаган аймактарга барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушат.

***

  • 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал курчуй баштаган.
  • 29-апрелде конфликт уланып, бир нече айылда өзгөчө кырдаал киргизилип, жергиликтүү калк эвакуацияланган.
  • Кыргызстан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрликтери 29-апрелде, саат 20:00дон тартып ок атышууну токтотуу боюнча макулдашышты.
  • 30-апрелде эртең менен кайрадан ок атышуунун добуштары угула баштады.
  • 30-апрелде, саат 16:00до сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында бардык айылдар бошотулат, деп Камчыбек Ташиев билдирди.
  • 30-апрелден 1-майга караган түн тынч өттү.
  • Кыргызстанда 1-2 май күндөрү аза күтүү күндөрү болуп жарыяланды.
  • Лейлек районунда кайрадан ок атыла баштады. Ворухка караган жол тажик аскерлери тарабынан жабылды. Арка айылында жергиликтүү калктын үйлөрүнө ок атылууда.
  • 1-майда, кечки саат 18:00до эки өлкөнүн делегацияларынын жетекчилери аскер түзүмдөрүн туруктуу дислокациясына чыгарып, ок атууну токтотуу чечимин кабыл алганы белгилүү болду. Андан тышкары, барымтага алынган 10 киши кое берилди, анын ичинде Интернационал айылынын башчысы дагы.
  • 1-майдан 2-майга карган түн тынч өттү.
  • КРдин өкмөтү Баткен облусуна өзгөчо статус берүү үчүн документтерди даярдап жатышат.
  • Ташиев Кыргызстан Тажикстандан келтирген материалдык кесепеттин ордун толтурууну талап кылбай тургандыгын билдирди.
  • Көз карандысыз юристтер Эл аралык кылмыш сотуна кайрылуу үчүн документтерди чогултуп жатышат
  • 3-майга карата каза болгондордун саны 36 киши.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1536