"Балам аман деген үмүттөмүн". Эки жумадан бери дайынсыз баланын апасы жардам сурайт
RU

"Балам аман деген үмүттөмүн". Эки жумадан бери дайынсыз баланын апасы жардам сурайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аламүдүн капчыгайында жоголгон баланын апасы жардам сурайт. Алтын Бейшеева жалгыз баласы аман-эсен экенинен үмүтү чоң. Ал Kaktus.kg редакциясына кайрылып, окуянын чоо-жайын айтып берди.

1996-жылы төрөлгөн Маматаалы уулу Мухаммедаалы 13-январда үйүнөн байкесиникине барам деп чыгып кеткен.

Кийген кийимдери: кара-көк күрмө, башында спорттук кара баш кийим, кара спорттук ботас жана боз-кара түстөгү спорттук шым.

Окуянын чоо-жайы

Мухаммед Маматаалы уулу 13-январь күнү эртең менен агасынын үйүнө "Өскөн Ордого" барам деп үйүнөн чыгып кеткен. Ал байкесинин үйүнө жетпей, бир аялдама эрте түшүп алыптырмын деп агасына телефон чалган. Ал учурда Мухаммед байкеси менен сүйлөшүп, видео аркылуу кайсыл жерде турганын көргөзүп бергенге аракет кылган. Байкеси, Мухаммеддин тоого чыгып кеткенин видеодон көрүп, жол тарапты көздөй келе бер, мен барып, алып кетем деген. Бул учурда жоголгон баланын апасы да улам-улам чалып, артка кайтуусун суранган, бирок Мухаммед "чарчадым, телефонумдун батарейкасы түгөнөйүн деп жатат, мен тоонун башындамын, бүгүн ушул жакта уктайт окшойм" деп болбой койгон. Ошол бойдон түнкү саат 2:00дө байланыш үзүлгөн.

"Ал тоону көздөй, Аламүдүн капчыгайы көздөй кетиптир. Аны биз ошол жактагы "Жаттан" мейманканасынын видеобайкоолорунан көрдүк. Баламды 13-14-15-январь күндөрү аталган капчыгайдан шаарды көздөй кеткен унаалар көрүп же алып кеткендер болсо, байланышка чыгууну суранабыз. Балабыз табылса, сүйүнчүсү сөзсүз болот", - дейт ал.

Мухаммеддин апасы баласы "чарчадым, бир аз эс алам" деп тоонун башында уктап калып, кайра ойгонгондо караңгы болуп, чоочуганынан улам, эс-учун жоготуп коюшу мүмкүн дейт.

"Ал коркуп кетип "потерия памяти" болуп, барын унутуп коюушу мүмкүн. Адашып жүрүшү мүмкүн. Акыркы сүйлөшкөндө кеч болуп бара жаткан. "Тоонун башында эмне кылып жүрөсүң, байкеңдин үйү ал жакта эмес да. Артка кайт, коркосуң, карышкыр жеп кетет" дедим. Болбой койду. "Апа, мен чарчадым, бул жакта бүгүн уктайт окшойм, буттарым ооруп жатат" деп болбой койду. Ошол учурда эле балам эс-учун жоготуп, эч нерсени билбей калган окшойт. Ошондо эле өзүндө эмес болуп жаткан", - дейт баланын апасы.

Оорубаган эле бала болчу

Алтын Бейшеева баласы оорубай эле жүргөнүн, жогорку окуу жайды аяктаганын кошумчалады.

"Бизде мындай окуя такыр болгон эмес. Тоого чыкканда, коркуп кетип, барын унутуп калдыбы дейм. 13-январдан бери 10 күндөн ашык убакыт өтүп кетти. Айланайын балам, эгер мени угуп жатсаң кайрылып кел, биз сени жакшы көрөбүз! Бул бала үйдөн ашыкча чыкчу эмес. Байкесиникине барып эле жүргөн. Биздин телефон номурларыбызды жатка билет. Бир жакка чыкса, кайра эле кайтып келчү", - деп кошумчалады ал.

Мухаммеддин апасы баласын издөөгө тартылган ар бир адамга: ӨКМдин кызматкерлерине, ИИМ кызматкерлерине, ыктыярчыларга, тааныш, туугандарга, "12 каминовдун" ээсине ыраазычылык билдирет.

25-январда "Кашка-суу" айылынан көргөндөр болгон

Учурда ӨКМ тарабынан талапка ылайык активдүү издөөлөр токтотулган. Бирок, кайра издөө керек болсо ИИМдин сунушу менен кайра куткаруучулар издөөгө тартылмак.

25-январь, саат 18:00гө ылайык, Мухаммеддин жакындарынын айтымында аны "Кашка-Суу" айылы жактан көргөндөр болгону кабарланды.

Бул иш ИИМдин Аламүдүн райондук бөлүмүнө өткөрүлүп берилгени үчүн, учурда ИИМдин Аламүдүн райондук бөлүмүнүн 100гө жакын кызматкери издөөнү улантып жатат. Алардын катарына кайрадан ӨКМ куткаруучулары кошулду.

Эгер Мухаммедди көрүп, билгендер болсо анын байкеси Нурбекке байланышка чыкса болот. Телефон номуру: 0551 23 02 90

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15380