"Келинге башкартпайбыз!". Айылдык кеңештин депутатынын баяны
RU

"Келинге башкартпайбыз!". Айылдык кеңештин депутатынын баяны

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда аялдардын саясий жараяндарга аралашуусу мындан бир канча жыл мурун кыйла аз болчу. Атайын квотанын бөлүнүшү менен Жогорку Кеңеште эле эмес, шаардык, жергиликтүү кеңештин депуттарынын арасында айымдардын саны бир аз да болсо арбып келе жатат. Бирок квота бөлүнгөнүнө карабай депутат айымдардын саны аз.

Эң оболу стереотиптерден улам айымдардын саясатка аралашуусу кыйла кыйынчылыктарды жаратып келет. Kaktus.kg редакциясы бул ирет Ош облусунун Өзгөн районундагы Ак-Жар айылдык кеңешинин депутаты Арууке Абдукаримова тууралуу айтып берет.

"Аялдар эркек жасай турчу иштердин баарын жасай алат"

Арууке Абдукаримова Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Ак-Жар айылдык кеңешинин депутаты. Ал коомдогу "Аялдын орду үйдө", "Аял саясатка аралашпашы керек" деген стереотиптерди жоюу үчүн депутат болууну чечкен.

"Мисалы биздин менталитетте аял киши үйдө олтуруп, тамак жасап, саясатка аралашпай, керек болсо чогулуштарда эл алдына чыгып сүйлөбөшү керек деген стереотиптер калыптанып калган. Мен ошол ойлорду уккандан кийин саясатка аттанууну чечтим.

Депутат болууга бел байлаганымдын максаты - элдин көйгөйүн чечип, маселени түшүндүрүп, чечүү жолдорун тапканга депутаттык майдан мүмкүнчүлүк берет экен. Ошол үчүн айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлигимди койгом.

Эл деле аял кишинин кандай иштерин көрүп алып, кийинки жылдары үгүт иштери жок эле талапкерлигимди колдоп, мага ишеним артып жатышты", - дейт ал.

"Атамдын мага болгон ишеничи элдин жүгүн көтөрүүгө эрк берди"

Арууке Абдукаримованын элге кызмат кылуу максатына атасы жетелегенин айтат. Ал атасы убагында өз күчү менен мектеп салганын белгилеп, атамды үлгү тутуп, айылына бала бакча ачтым дейт. Депутат айым ата-эненин уул-кызына болгон ишеничи - кошумча эрк, тайманбас мүнөздү, кандай жагдай болбосун максатка жетүүгө жол ачат деп эсептейт.

"Ар кандай иштерди жасап койсом эле "Менин кызымдын жасаган ишин карачы?! "4" алып калсам да "азамат" деп турганы, чоң жетишкендиктерге жетүүгө түрткү болду", деп кошумчалады айылдык кеңештин депутаты.

"Айыл өкмөт башчысы болгонго талапкерлигимди коюп, эки добуштан жеңишке жетпей калдым"

Арууке Абдукаримова 2011-жылы айыл өкмөтү болууга талапкерлигин коюп, эки добуш гана жетпей, өнөктүктө утулуп калган. Экинчи жолу 2014-жылы кайрадан талапкерлигин коюп, бир добуштан гана жеңишке жеткен эмес.

"Биздин менталитетибизде аялдын колунан келип турса дагы "Аял кишиге башкартпайбыз!" деген түшүнүк катыптанып калыптыр. Анткени, кыргыз менталитетинде тууган-урук, досубузду колдошубуз керек, жетекчи биздин уруудан болушу керек деген түшүнүк бар. Себеби, мен бул аймакка келин болуп келгем. Ошол себептен "башка жактан келген келин бизди башкарабы" деген сөздөр ачык эле айтылды. Колуңдан келип турса да шайлашпайт экен.

Жакында эле аялдар үчүн фитнес аянтча ачсамбы дегем. Аялдардын саламаттыгы, үйдө отурган аялдардын оорулары көбөйбөсүн, өздөрүн карашсын деген максатта сунуш айтсам, жок, мырзалар жол салабыз же техника алышыбыз керек деген сыяктуу карама-каршылыктар боло берет экен.

"Бизде азыр 21 депутат болсо, анын сегизи айымдар. Бизге ишенип, иштерди айымдарга тапшыра турган болсо - мамлекетибиз тез эле оңолуп кетет эле", - дейт депутат.

Арууке Абдукаримова депутат болгуча эле айылына өз каражаты менен бала бакча ачкан. Себеби, аталган аймактан миграцияга кеткен жаштардын саны көп болуп, кары-картаңдар неберелерин карап калган учурлар абдан көп. Бул маселени чечип, балдарга агартуу иштерин жүргүзүү үчүн Арууке айым айылдагы беш айымды чогултуп, алар акысыз бир жыл иштеп беришкен.

"Мен элдин өтүнүчүн аткарып, бала бакча ачайын деген милдетти өзүмө алдым. Айылдагы эле үйдө отурган беш айымга барып, макулдашып, бирин тарбиячы, бирин ашпозчу кылдык. Ал 2011-жылы апрель айында ачылган. Бала бакча болчу жайды дайындап, үйдөн тамак-аш алып келген учурлар болгон. Балдар жата турган матрац менен идиш-аякты ата-энелер даярдап беришти. Бирок бала бакча ачылса эле мени баары колдоп, жардам берет деп ойлонуп - жаңылышыптырмын. Бийликтин баары эле макул болот, эл үчүн болуп жатпайбы деп ойлогом. Алгач эле бала бакча иштеп баштаганда айыл өкмөт башчысы өзү каршы болду. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы дагы жоопкерчилик ала албайм деди. Кийин 2015-жылы менин кайрылуум менен мамлекеттик бала бакча ачканга 34 млн сом бөлүнүп, бала бакча салынды. Мен жасаган ишиме өкүнбөйм", - деди ал.

"Айымдардын жасаган иши көмүскөдө калып жатат"

Депутат Абдукаримова айымдардын жасаган иштери көмүскөдө калып жатат деп эсептейт. Ал коомдо аялдарга болгон ишеним эркектерге караганда аз дейт.

"Аялдар саясатка толук аралашпаганы үчүн өзүм жалгыз аракет кылдым. Өзүмдүн күчүм менен аракет кылдым. Эркектер көп болгону үчүн уюшуп алып аракет кылышат", - деп сөзүн жыйынтыктады депутат айым.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15393