Окуучуну учура сүзгөн. Балыкчы шаардык милициянын жетекчиси, анын жакыны кызматтан алынды
RU

Окуучуну учура сүзгөн. Балыкчы шаардык милициянын жетекчиси, анын жакыны кызматтан алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жөө аламды сүзгөнгө шек саналган Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Бектур Осмонбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Балыкчы шаарында 5-класстын окуучусун сүзүп кеткен факты Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынды.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы жана рулду башкаргам деген жакыны ээлеген кызматтарынан бошотулду.

Кырсык тууралуу

26-январда Балыкчыда 5-класстын окуучусун унаа сүзүп, айдоочу жеринен качып кеткен. Жабырлануучу жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Kaktus редакциясына күч түзүмдөрүндөгү булактар рулда шаардык милиция бөлүмүнүн жетекчиси мас абалда болгону айтылып жатканын билдиришкен.

Кыздын атасы кылмышка башка адамды күнөөлүү кылуу аракети болуп жатканын айтып, президент менен УКМКнын төрагасына кайрылган.

Ысык-Көл ОИИБдин комментарийи

Балыкчы ШИИБине 26-январда саат 14:30 чамасында Манас/Аманбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жөө адамды унаа сүзүп кеткени боюнча билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, белгисиз айдоочу жашы жете элек А.Ф.ны сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткендигин аныкташкан.

Бул фактынын негизинде "Перехват" планы жарыяланып, Ысык-Көлдө Балыкчы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясынын кызматкерлери Соң-Көл кичи районунан Geely Mongara үлгүсүндөгү унааны табышкан.

Аталган факты Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын жана облустук прокуратуранын көзөмөлүндө.

Kaktus.media сайтына өздүк булактар билдиргендей, Geely Mongara - Балыкчы ШИИБдин жетекчиси Бектур Осмонбаевдин кызматтык унаасы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15409