Бишкекте "карыз өндүрүүчүлөр" кардарын алдап кетишкен
RU

Бишкекте "карыз өндүрүүчүлөр" кардарын алдап кетишкен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте карыз өндүрүү менен алектенебиз деп алдамчылык кылган жарандар кармалды. ИИМден билдиришкендей, алар кылмыштуу топтун мүчөсү катары ыкчам каттоодо турушкан.

Такталгандай, шаар тургуну акчасын өндүрүп алуу максатында "карыз өндүрүүчүлөргө" кайрылган. Карыз өндүрүүчүлөр акча бере турган адамдар менен сүйлөшүү, аларга кысым көрсөтүү жана башка ыкмаларды колдонорун айтышып, алдын ала жасалуучу жумушу үчүн 100 миң сомдон ашык акча алышкан.

Андан кийин издерин жашырып кетишкен. Ошол эле учурда алар карызкорлордон акчаларды өндүрүп өздөрүнө ыйгарып алышкан.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, 25-январда 1995-жылы туулган Б.М. кармалды. Ал буга чейин бир нече жолу каракчылык, тоноо, уурулук, алдамчылык, анын ичинде ар кандай кылмыштар үчүн соттолгон. Ага таандык сумкадан "ПМ 9 мм" үлгүсүндөгү тапанчага окшош ок атуучу курал алынган.

Анын шериги катары 1986-жылы туулган А.А. кармалды. Белгилүү болгондой, ал соттун өкүмү менен Ысык-Көл облусунда 5 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл астында жүргөн. Буга чейин уурулук, алимент төлөбөө, адам уурдоо сыяктуу ар кандай кылмыш иштери менен бир нече жолу сот жообуна тартылган.

Кармалган эки жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин ыкчам каттоосунда турат.

Учурда жогорудагы адамдар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, алардан алынган далил заттарга тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15411