Камчыбек Ташиев Кара-Суу базары мамлекеттин карамагына өтөрүн айтты
RU

Камчыбек Ташиев Кара-Суу базары мамлекеттин карамагына өтөрүн айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 27-январда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусундагы Кара-Суу базарынын абалы менен таанышып, соодагерлер менен жолугушту. Анда Ташиев элдин суроолоруна жооп берип, базардын ээлери гана байыбастан соодагерлердин баарына бирдей заманбап шарт түзүлөрүн билдирди.

"Мындан ары мамлекет ушул жерлерге катуу көз салат. Мамлекеттик программанын негизинде Кара-Суу базары толук бойдон мамлекеттин менчигине өтөт. 1 гектар, 2 гектар, 3 гектар, 5 гектар ээлеп алган байлар бар. Мыйзамдын чегинде бардыгын тартипке салабыз. Ал жерлердин бардыгы мамлекетке кайтарылат. Элге керектүү чоң-чоң соода борборлор

түзүлөт. Анан 2-3-5 сотыхтан жерлерге кызыл китеби барларга ошол соода борборлордун ичинен менчик катары орундарды бөлүп беребиз. Жылуу-жумшак жерде отуруп алып, соодаңарды кыласыңар. Бардык шарттары менен ичиндеги тамак-аш, дааратканадан бери куруп беребиз. Мунун баарын мамлекет жасайт. Мамлекеттин колунан келет. Мамлекет күчүнө, бутуна туруп

калды. Эч кандай байлар, эч кандай криминалдар, акчасы көптөр бизди коркута албайт. Азыр эч кимди эч ким сатып ала албайт.

Ошондуктан урматтуу туугандар, мен силерден бир нерсени гана суранамын, урматтуу эл-журт, ушул соода борборлорду куруп бүткөнгө чейин убакыт керек болот. Жаз келе баштаганда соода борборун куруу боюнча активдүү иштерди баштайбыз. Кудай буюрса, биринчи соода борборлор быйыл күзгө чейин бүтөт. Соода борборлорун салып, талкаланып жаткан жерлерди бошотуп, бошогон жерлерге жакшынакай кылып автоунаалар токтоочу жайларды куруп, шарттарды түзүп жасаганга бизге 2 жыл убакыт керек. Силер да сабыр кылгыла", - деди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15415