Дзюдочу Эрлан Шеров өлкөнүн Эмгек сиңирген спортчусу болду
RU

Дзюдочу Эрлан Шеров өлкөнүн Эмгек сиңирген спортчусу болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дзюдо боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрүнө спорттук наамдар ыйгарылды. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, наамдар Дене тарбия жана спорт департаментинин бирдиктүү спорттук классификациясына ылайык тапшырылды.

  • Ислам Баялиновго - "Ардагерлер арасында Эл аралык даражадагы спорт чебери наамы";
  • Эрлан Шеровго - "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген спортчусу" наамы;
  • Кыял Амантуровага - "Кыргыз Республикасынын спорт чебери" наамы ыйгарылды.

Сыйлыктарды Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов тапшырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15419