ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматына 28 унаа тапшырылды
RU

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматына 28 унаа тапшырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 29-январда Ички иштер министрлигине жаңы унаалар тапшырылды. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко жана Ички иштер министрлигини жетекчиси жана өздүк курамы катышты.

Акылбек Жапаров аземде сөз сүйлөп, министрликке бир айда эки жолу машине тапшырып жатканын белгиледи.

"Урматтуу жарандар, ар бириңерди баңги затка каршы күрөшкө активдүү катышууга, дени сак жана коопсуз чөйрөнү өнүктүрүүгө чакырабыз. Ал үчүн, мектептеги мугалимдерден тартып, бүт коом баңги заттын зыяны жөнүндө билимди коомчулукка жайылтуусу зарыл, бул күчтүү курал", - деди Жапаров.

Министрлер кабинетинин башчысы стратегиялык өнөктөш болгон Россия мамлекетинин кезектеги жардамына ыраазычылык билдирип, бул жакшы иштин аркасы менен баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлеринин потенциалы жана техникалык мүмкүнчүлүктөрү жогорулай турганын айтты.

"Жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттенүү боюнча натыйжалуу чараларды көрүү үчүн донор-мамлекеттер жана профилдик эл аралык уюмдар менен кызматташууну улантуу биз үчүн абдан маанилүү", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15422