Активисттер: Бишкекте иттерди согуштургандар жазаланышы керек!
RU

Активисттер: Бишкекте иттерди согуштургандар жазаланышы керек!

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарда питбуль менен алабай тукумундагы иттердин согушун көпчүлүк телеграм топтордон көрсө керек. Анда салмагы 65 килограммдан ашкан питбуль алабай менен согушуп, алабай жерде кансырап жатканын көрүүгө болот. Активисттер бул иттердин согушун уюштургандарды жоопко тартуу керек деп эсептешет.

"Бишкекте иттердин согушун өткөрүүгө болбойт"

Активисттер Кыргызстанда иттердин согушун "тесттик сынакта" өткөрүүгө болбой турганын белгилешет. Алар, Бишкекте өткөн иттердин согушунда атайын баннер илингенин кошумчалашты.

"Бизге "иттердин согушу" болот деген маалымат келип түштү. Бардык. Киргенден корктук. Ал жакта коопту иттер бар болчу. Биз түз эле милиция чакырдык. Көп сандаган милиция келди. Биз алар менен чоогу иттердин согушу болуп жаткан жерге кирдик. Азим аттуу кишинин питбуль ити бар экен. Анын салмагы 65 киллограмм экен. Ал күнү дагы уткан окшойт. Ал милициянын уруксааты менен тез эле кетип калды. Ал жакта алабай эле калыптыр. Жерде канталап жатыптыр. Ал жердеги баннерлерде "тесттик сынак" деп жазып коюшуптур. Бирок, биздин өлкөдө ага тыюу салынат", - дешет алар.

Иттердин согушу өткөн жерге активисттер менен бирге милициялар жана тергөөчү барган. Кийин ал алабайдын кансырап жатканын көргөн жокмун деп ишти жаап салган. Мындан улам, активисттер сотко кайрылып, тергөөчүнүн аракетине сот баа берип, мыйзамсыз иттерди согуштуруу боюнча иш козгоого мүмкүнчүлүк алдык дейт активист.

"10 күндөн кийин эле тергөөчү бул ишти "эч нерсе көргөн жокмун" деп жаап койду. Болбосо, ал биз менен ошол жерде жүргөндө, кансырап жаткан алабайды көргөн. Ал биздин видеолордо да бар. Биз тергөөчүнүн аракети боюнча сотко кайрылдык. Ал эки тараптын оюн угуп, тергөөчүнүн аракети мыйзамсыз болгон деп чечим чыгарып берди", - деп кошумчалады ал.

Питбулдун көлөмү 65 килограмм болбошу керек. Анын документи жок. Ал адамдарга коопту.

Активисттер бул питбулдун ээси аталган иттин тукумун көбөйтүп, аны таратып жатканын айтып, коопту жолбун иттердин көбөйүшүнө себепкер болуп жатат дешет. Алар бул ит коомчулукка коркунуч жаратат деп эсептешет.

"Питбуль негизи мындай чоң көлөмдө болбошу керек. Анын өлчөмү 65 кг айланасында болуп жатат. Кийин биз бул иттин эч кандай документи жок экенин далилдедик. Дегеним, ал кайсыл тукумдан экени белгисиз. Тагыраагы, ал мутант. Себеби, иттин ээси башка ит менен кошуп, алардын балдарын жарандарга сатып жатат.

Алар кичинекей кезде жагымдуу күчүктөр, бирок, чоңойгондо Кыргызстанда мындай учурлар көп катталган: алар чоңоюп, өз ээлерин же балдарын тиштеп, кол салган. Көчөөдөн адамдарга кол салышат. Мен өзүм эки баланын өлүмү боюнча эки фактты билем. Алар 3 жана 9 жаштагы балдар болчу.

Ал бул коркунучтуу тукумду Кыргызстан боюнча жайылтып жатат. Негизи, иттердин согушун өткөргөндөрдүн максаты: беттешти утуп, анан ошонун балдарын сатуу. Алар салык сындуу эч нерсе төлөшпөйт. Алар шаарда жайылып, азыр Бишкекте коопту тукумдагы жолбун иттер көп. Алар көчөөдө бош жүрүшөт. Мисалы, бири ээсин тиштеп алса, ал аны эшикке чыгарып салат. Алар кийин канча адамга кол салат, эч ким билбейт", - деп сөзүн жыйынтыктады активист.

Алар иттердин кооптуу породаларын өстүрүү жарандардын жашоого болгон конституциялык укугун бузат деп эсептешет.

Кыргызстанда ит-мышык өстүрүүгө лицензия берилбейт жана ит жана мышыктарды багуу жана өстүрүү боюнча мыйзам жок. Иттерди согуштурууга каршы мыйзам да жок. Иттердин урушу уруксаатсыз уюштурулат дешет алар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15430