Ата-эне өспүрүмгө жыныстык тарбияны кантип бериши керек? Адистен кеңеш
RU

Ата-эне өспүрүмгө жыныстык тарбияны кантип бериши керек? Адистен кеңеш

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ эле кылыктарына тойбой жаткан балаңыз, бүгүн маңдайыңызда таптакыр башкача болуп турабы: боюу узун, өз оюу бар, үнү чоңдордукундай. Анан бир нерсе десең жактырбай, көзүн айлантканын кантесиң. Куттукттайбыз, балаңыз балагатка жетти.

Ата-эне өспүрүм балага кандай мамиле жасашы керек? Биринчи кезекте эмне жөнүндө сүйлөшүү зарыл? Бул тууралуу "Репродуктивдүү ден соолук боюнча альянс" бейөкмөт уюмунун аткаруучу директору Галина Чиркина айтып берет.

Маанилүү нерсени талкуулоодо керек болчу кеңештер

  • Сүйлөшүүнү баштоодон мурун, билимиңизди жаңыртып алыңыз. Айталы, бул темада сүйлөшүүгө өзүңүз кандай карайсыз түшүнүп алыңыз;
  • Өз алдынча даярданып жатканда, материалдарды кылдаттык менен изилдеп чыгыңыз. Балаңыз бул маселе боюнча сизге ишенип жана кайрылса болорун түшүнсүн десеңиз, баары кантип түзүлгөнүн, кантип иштерин мыкты деңгээлде билишиңиз керек;
  • Балагатка жетүү, жыныстык жетилүү, физиологиялык өзгөрүүлөр, биринчи сүйүү жана жыныстык катнаш тууралуу сүйлөшүүнү эртерээк баштаганыңыз туура болот. Болбосо, маалыматты интернеттеги теңтуштарынан алат (өзүңүз билгендей, ал жакта туура эмес булактар толтура);
  • Жоопторду жеңилдетүү үчүн бул формуланы колдонуңуз: "балаңыз менен жыныстык жетилүү тууралуу география (химия, унаа айдоо) жөнүндө сүйлөшкөндөй эле сүйлөшүңүз". Эгер балаңызда суроолору калса, аларга түз жооп бергенден тартынбаңыз. Суроону түзгөнгө акыл-эси жеткен бала, жоопту кабыл алганга да күчү жетет.

Эмне үчүн бой жетүү жөнүндө сүйлөшүү өтө маанилүү?

Ата-эне мындай суроолорго жооп берүүгө баласы кичинекей кезден баштап даяр болушу керек, анткени бала күн сайын өзгөрөт. Балага негизги муктаждыктардан тышкары эмне берилип жатканыбыз өтө маанилүү: ага эмнени үйрөтөбүз, мээсине эмнелерди куябыз.

Ата-эне тарбиячы же душман эмес, баланын тарапташы болушу керек.

Өспүрүм курак - бала ата-энеси менен байланыштырып турган "киндиктен" үзүлө турчу акыркы мезгил. Өз алдынча жашоо үчүн бөлүнүү процесси жүрөт. Баланын мээси жана нерв системасы ата-энесине көз каранды болбой, жашоодогу бардык кыйынчылыктарга туруштук берүү үчүн иштеп баштайт. Ата-эне баланын "мен өзүм" деген учурун колдон чыгарбай, бут кийиминин боосу же үй жыйноо маселелерине гана эмес, жашоонун бардык тармагында өз алдынча болуусуна мүмкүнчүлүк бериши керек.

Дагы бир айта кетчү нерсе, дал ушул өспүрүм куракта организмдин эң акыркы, бирок эң маанилүү болгон – репродуктивдүү функциясы ойгонот. Баланын физиологиясы өзгөрөт- гормондор ойнойт.

Бул учурда ата-энелер өздөрү менен өздөрү күрөшөт. Ар дайым баласына кам көргүсү келет, жакшысы бул куракта өз алдынча болууга мүмкүнчүлүк берген туура. Мунун баары кичинекей кезинен эле башталат, айталы, ата-эне баласына жуунганга, артынан тазалаганга, буюмдарын ирээттегенге ж.б. үйрөтөт. Жыл өткөн сайын өз алдынча болгон мейкиндиги өсүшү керек, бул нормалдуу көрүнүш.

Өспүрүм куракка келгенде, бала өзүнө, жаткан жерине, тазалыгына кам көргөндү билип калышы зарыл. Ата-эне чек арадан өтпөшү керек. Айталы, чоңоюп калган баланын кийимдерин кирге салып жатканда, апасы чөнтөктөрүндө бир нерсе калып калган жокпу деп текшергени жакшы көрүнүш эмес. Кээде баланын жеке чегине кантип кирип кеткенибизди, өзүбүз байкабай калышыбыз мүмкүн.

Ата-энелер өзгөрүүлөргө, айталы, баланын денесинде, ойлорунда жана сезимдеринде күтүлө турчу өзгөрүүлөр, ошондой эле репродукцияга байланыштуу кошумча функциялар жөнүндө сүйлөшүүгө даяр болушу керек. Тилекке каршы, көп учурда чоңдор жашырып, сүйлөшүүнү улам кечеңдете берип, анан маалымат берүүдөн кечигип калышат.

Башка, айталы тажрыйбалуу болгон өспүрүмдөрдүн идеялары, кээде илимий маалыматтар менен эч кандай байланышы жок болот. Тескерисинче, коомдогу, өзгөчө жаштар арасында кездешкен эркек жана аял сексуалдуулугу тууралуу жалган маалыматтарды гана чагылдырат. Ошентип, өспүрүмдө курчаган чөйрөсү таңуулаган, кийин жеке сезимдерине, көз караштарына жана тажрыйбасына карама-каршы келсе да жеңүү кыйынга тура турчу стереотиптер калыптанат.

"Уят" деп мындай темалардан кача берген ата-энелер "жаратылышта боштук болбош керек" экенин унутуп коюшат. Ал эми ата-энелери бул тууралуу маалымат бербеген балдар акыр-аягы баары бир сексуалдык мамиле жөнүндө билишет, бирок бул маалыматтар ойго келгис фантастикалар болуп чыгышы мүмкүн.

Баланын жашына жараша эмне тууралуу сүйлөшүү керек?

9-12 жашта

9 жаштан 12 жашка чейин балдардын денеси ыкчам түрдө өзгөрө баштайт. Алар бой жетет, денесинде түктөр пайда болот, башкача жыттанат, кыздардын эмчеги өсөт, менструациялары келет, эркек балдарда болсо эрекция жана түнкү поллюциялар башталат.

Анын үстүнө, бул курактагы балдар секс, жыныстык жетилүү жөнүндө баарын билем деп ойлошот, бирок ошол эле учурда, алар бул нерселерге жана карама-каршы жыныска жийиркенүү, басынтуу, жагымсыз нерсе сыяктуу мамиле жасашат.

Алар түз сурашпайт, бирок алар менен бул нерселерди талкуулоо үчүн сизде көбүрөөк реалдуу себептер болот (айталы, кызга бюстгальтер сатып берүү керек болушу мүмкүн - бул учурду эмчеги эмне үчүн чоңоюп жаткандыгы жөнүндө сүйлөшүү үчүн колдонсоңуз болот).

Эркек балдарга эмне үчүн дененин гигиенасын тез-тезден сакташы керектигин, буга көңүл бурбаса кандай кесепеттерге туш болорун түшүндүрүү зарыл.

13-18 жашта

Бул курак жыныстык жетилүү жана айтылуу процесс менен байланышкан бардык нерселер жөнүндө сүйлөшүү үчүн оптималдуу мезгил болуп саналат. Биринчи кезекте алардын коопсуздугуна тиешелүү болгон маалыматтарды жеткирүү зарыл (сексуалдык зомбулук, контрацепция ыкмалары, кош бойлуулук, жыныстык жол менен жугуучу оорулар ж.б. жөнүндө).

Балаңыз жана өнөктөшү үчүн интимдик мамилелер коопсуз болушу керектигин, буга кантип жетишип жана кантип "жок" деп айтса болору жөнүндө сүйлөшүү да маанилүү.

Өспүрүмдүн стресси

Бала бой жете баштаганда басым кылган факторлор көп болот - гормондор, ата-энесинин жана курчап турган коомдун талаптары, маалыматтын көптүгү жана өзүн таануу.

Ошол эле учурда өспүрүмдүн мээси гормондорду иштеп чыгат, сүйүүгө кабылат жана экзамендерди тапшырат. Мунун баарын кантип баштан өткөрүп, кантип аман калса болот?

Галина Чиркина бул мезгилде өспүрүм түшүнүүгө жана колдоого муктаж экенин белгилейт.

"Ушул учурда биз балабыздан эмнени күтөбүз? Тил алчаактыктыбы? Сабырдуулук жана токтоолуктубу? Жок, өспүрүм балаңардан муну күтпөй эле койгула. Анткени ал азыр муну кылганга күчү жетпейт. Ал башынан өткөрүп жаткан басымга туруштук бере албайт. Ал эми гормондор анын денесинде жаңыдан түзүлүп жаткандыктан, аны болушунча кыйнайт", - дейт Галина Чиркина.

Өспүрүм кыйкырганда, кыязы, ал өзү эмес гормондору кыйкырат. Анткени, эмоциясын чыгаруу аркылуу ичинде өзгөртүүлөрдү жүргүзүп жаткан гормоналдык фон менен күрөшөт. Бул чындыкты кабыл алыңыз!

Аны токтотуунун эч кандай пайдасы жок, анткени бул учурда бала өзүн кармай албайт, азырынча ал буга али үйрөнө элек. Анткени буга чейин кичинекей бала болчу, анан күтүлбөгөн жерден өспүрүмгө айланып калды дегендей. Баланын дагы эле балалык укугу бар, бирок биз ага чоң адам катары милдеттерди жүктөп салабыз.

Ата-энелер бул абалды көзөмөлгө алып, балага, мисалы, гормоналдык өнүгүү менен байланышкан кээ бир көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берүү үчүн, адистерге кайрылышы керек. Гинеколог, уролог, андрологдордон текшерүү өтүп койгон оң.

Жеке мейкиндик

Өспүрүмдө жеке мейкиндик болушу керек, эң жакшысы уруксат сурап кире турган өзүнүн бөлмөсү. Жеке мейкиндиги болсо, башка адамдардын дагы жеке мейкиндигин сыйлоого үйрөнөт. Адамдын жеке мейкиндигин сыйлоо ар кандай куракта маанилүү болуп саналат. Эгерде буга мүмкүнчүлүк жок болбосо, анда өспүрүмдүн өзүнө гана тиешелүү жеке буюмдары болушу керек - өзүнүн тумбочкасы, шейшептери, жана башка буюмдар дегендей. Мунун баары кол тийбес болушу кажет. Өзүнө ээ болгон нерселердин аркасы менен өспүрүм айлана-чөйрөсүнө жоопкерчиликтүү мамиле кылганды үйрөнөт. Жеке мейкиндиктин аркасы менен комфорт жана психологиялык туруктуулук сезими калыптанат.

Чыр-чатактар жана өспүрүмдөр

Галина Чиркина гормондор кээде өспүрүмдү ата-энесин такыр укпаган урушчаак адамга айландырарын айтат.

Мындай жагдайда соодалашпаңыз, жеке мейкиндигиңизден, жеке жашооңуздан баш тартпаңыз, анткени көпчүлүк ата-эне бул учурда бала менен соодалаша баштайт: "Бүгүн муну жасасаң, анда мен сага муну жасайм." А бул аракет биз кылчу эң жаман нерсе.

Бала менен аны тынчсыздандырган нерсе жөнүндө сүйлөшүүгө кайтуу керек. Ал эми зарыл болсо, адистердин жардам алуу кажет.

Мисал катары автобустагы болгон бир абалды алсак. Адекваттуу эмес адам отуруп алып кыйкырып жатат, бул сизге жагымсыз. Кырдаал бир нече жол менен чечилиши мүмкүн:

  • Эгер ал адам сизге өтө жакын отурган болсо жана коркунуч туудурса, автобустан түшүп кетесиз;
  • Өз ара аракеттешпөө үчүн коопсуз аралыкка жыласыз;
  • Же аны менен мушташа баштайсыз, башкача айтканда, өзүңүз адекваттуу эмес адамга айланасыз.

Биринчи эки ыкманы өспүрүм менен конфликт болгон учурда колдонсоңуз болот. Эгерде абал курчуп баштаганын сезсеңиз, өзүңүзгө, абалыңызга жана эмоцияларыңызга кам көрүп, жөн эле чыгып кетиңиз. Бул ачуулаган кезде жардамчы болот.

Өзүңүз жөнүндө, өспүрүм курагыңызда кандай болгонуңуз жана ал жашыңызда эмнелерди баштан өткөргөнүңүз жөнүндө көбүрөөк айтып бериңиз. Ата-энелерге, өзгөчө энелерге балдарын курсагында көтөрүп жүргөндөгү сезимдерин, балалуу болгондогу сезимдерин, баласы кичинекей кезинде кандай болгонун айтып берүү сунушталат.

Бой жетүүгө байланышкан бул оор мезгил бүтүп, чоңойгон бала менен тынч жана адекваттуу баарлашуу башталышы мүмкүн, ал эми ата-эненин милдети - бул жолду татыктуу басып өтүү. Эгер ата-эне өзүн жана өспүрүмдү бой жетүү процессинде кездешчү кыйынчылыктардан аман-эсен өткөрүп алса, үй-бүлөлүк мамилелер бекемделет. Ал эми ата-эненин авторитети, кыязы, кайтып келет, ал тургай, жогорулап кетиши мүмкүн, айрыкча, өспүрүм өзү балалуу болгондо. Бирок бул балаңыздын көйгөйү болот. Анын баласы ага кыялын көрсөтөт дегендей.

Ата-энелер үчүн санарип энциклопедия (23 статьи)
Сүйүүгө кабылган өспүрүмдүн ата-энелери өзүн кандай алып жүрүшү керек?
11 Апрель 2024, 15:55
Өспүрүмдөр жыныстык жол аркылуу жукчу инфекциялар жөнүндө эмнени билиши керек?
9 Апрель 2024, 15:15
Эмне үчүн балдарды башкалар менен салыштырган болбойт?
8 Апрель 2024, 13:18
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15433