Камчы Көлбаевдин кудасы СИЗОдон чыкты
RU

Камчы Көлбаевдин кудасы СИЗОдон чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Атайын операция учурунда жок кылынган Камчы Көлбаевдин кудасы Рустам Турдиев эч жакка кетпөө тил каты менен СИЗОдон бошотулду. Бул туурасында Биринчи Май райондук сотунан тастыкташты.

Белгилүү болгондой, Турдиевдин бөгөт чарасы сотто 23-январда каралып, УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырган.

Белгилесек, Көлбаевдин кудасы Рустам Турдиев 2023-жылы октябрда кармалып, Биринчи Май райондук сотунун токтому менен УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.

Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү (уюшкан топ түзүү же ага катышуу) боюнча шектелген Турдиев Руслан Рустамовдун атасы. Ал 2021-жылы Көлбаевдин кызы Эркеайымга баш кошкон. Алар 2021-жылы жазында баш кошушкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15447