Адахан Мадумаров каза болду деген маалыматты жакыны төгүндөдү
RU

Адахан Мадумаров каза болду деген маалыматты жакыны төгүндөдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун сүрөтүн колдонуу менен аны каза болду деген маалымат жарыяланды. Сүрөттө депутат 31-январда каза болгону жазылган.

Бул маалыматты депутаттын жээни, ырчы KG Эльмурат (Калыбеков) четке кагып, Kaktus.kg сайтына буларды билдирди.

"31-январда интернетке сүрөт тарагандан кийин СИЗОго барып кабар алдым. Өзү менен жолуктурушкан жок. Бирок аман-эсен, ден соолугу да канааттандырарлык экенине ынангандан кийин кеттим. Тарап жаткан билдирүү жалган", - деп жарандарды ишенбөөгө чакырды.

Белгилесек, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров былтыр 2-сентябрда камакка алынган. Ага 2009-жылдагы протоколго ылайык, КР Кылмыш-жаза кодексинин "Мамлекетке чыккынчылык" беренеси боюнча айып тагылган. Сот депутатты эки айга камакта калтырган.

Кийин 2015-жылдагы парламенттик шайлоого байланыштуу депутаттын дарегине арыз жазылган. Ал "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын кассасынан 50 миң доллар алган деп айыпталган. Андан бери депутат камакта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15451