Бишкекте "Өлбөс полк" өтө турган болду. Бирок башка форматта
RU

Бишкекте "Өлбөс полк" өтө турган болду. Бирок башка форматта

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Биздин ардагерлер "Өлбөс полктун" катарында басышат!", - деп Facebook′тагы баракчасына ыктыярчы Зульфира Хайбуллина жазган.

Ал Kaktus.media′га берген комментарийинде билдиргендей, Continent компаниясы Жеңиш күнүнө карата Бишкекке белек катары Манас проспектисинде экран орнотуп, ардагерлердин сүрөттөрүн көрсөтө баштаган.

"Ал сүрөттөр moypolk.ru сайтынын аймактык баракчасынан алынган. Көрсөтүлүп жаткан сүрөттөрдүн баары Бишкектин тургундары баяндаган окуялардан алынган. Учурда дагы кошулуп жатат. Азыр көрсөтүлүп жаткан сүрөттөр толук эмес. Эгер ал жерде сиздин тууганыңыздын сүрөтү жок болсо, аталган сайтка кирип, тарых-таржымалын жазып, сүрөтүн кошуп кое аласыз. Сүрөттөр ошол жактан алынат", – дейт Хайбулллина.

Анын айтымында, бул жөн гана акция эмес, компаниянын достук белеги, десе болот. Шаар ичинде 9-майга байланышкан эч кандай символика жок. Хайбуллина менен сүйлөшкөндөн кийин компания бул идеяны ишке ашырууну чечкен.

"Кызматкерлерибиз түнү бою уктабай даярданышты. 9-майда бир күн кечке ардагерлердин сүрөттөрү көрсөтүлөт. Азырынча, сүрөттөр жарыялардын ортосунда кетип жатат. Ал эми 9-майда эртеден кечке болот", – деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Эскерте кетсек, 20-апрелде Бишкек шаардык эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссия 29-апрель – Шаар күнүнө жана 9-май – Жеңиш күнүнө карата эч кандай массалык иш-чара өткөрбөө чечимин кабыл алган. Ведомоство "Өлбөс полк" жүрүшүн санитардык нормаларды сактоо менен өткөрүүгө да тыюу салган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1546